Каныбек Туманбаевдин жасалма жүзүн сарказмга салган Айбек Бийбосунов


Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев “эрке баладай” таанылып калбадыбы. Арбын айыптоолор айтылып келсе да, балык сымал тилин жутуп, үндөбөй келатат. Улам бир бийликтин “серый кардиналдарына” эрмешип, ээгин жогору көтөрүп алган. Акыл-эсин, деңгээлин аңдай албадык, бирок күмөндүү байлыгы менен көчкө кошулгандай...
Соңку убакта журналист Айбек Бийбосунов Фейсбуктан Каныбек Туманбаевди кыйла эле шакабалап жатып, чүнчүтүп салганы байкалууда. Байма-бай юмор аралаштыра мыскылдап келет. Жасалма такыбалыгын ачыктап, түнкүсүн жазган “жума маарек” куттуктоосун сарказмга салып, алдамчы жүзүн ашкерелегендей образ бергеничи? Ал сыртынан жарашыктуу кийинип алса, сыпааланып турса, билбегендер “дандуу жигит го...” деши мүмкүн. А чындыгында анын көрөңгөсү, билими тайыз экенине маани беришпейби? Айбек Бийбосунов аныгында Каныбек Туманбаевдин кыймыл-аракеттерине, курулай пиарына басым жасап, ага окшошо сүрөткө түшүп, пародиялуу ырга салып, кыйла эле шаштысын кетирип салганын айтышты. Көңдөйлүгүн ичинен ачууга басым жасап, шылдыңга алып, чекесине көрүнбөгөн мөөр баскан кербезиби?
Ток этерине келсек, бийликте ушундай “эт менен челдин” ортосунда жүргөндөр төргө чыгышып, мансапты кор кылып жатышса, аягы эмне болот? Элдин элегинен өткөн баалуулукту тана албайбыз, акыры мындай “сырты жалтырак, ичи калтырактарды” кантебиз? Качанкыга чейин көз таңмай ойношот? Ооба, мындайлар көп, үйүр тобу менен жүрүшөт...










