Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ташболот Балтабаева, экс-депутат: “Максим Бакиев светти кымбаттатууга киришкенде революция ишке ашкан”

Ташболот Балтабаева, экс-депутат: “Максим Бакиев светти кымбаттатууга киришкенде революция ишке ашкан”

25-сентябрь, 08:00
609 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Ташболот Балтабаевич, коррупцияга каршы күрөшүү жанданганы коомчулукта айтылууда. Сизге сезилдиби?

-- Башкалар көңүл бурдубу билбейм. Мага азыркы коррупционерлерди аяп, 5-6 же 10 жыл мурунку жеп-ичкендер менен күрөшүп, аларды камап жаткандай туюлат. Негизи тегиз караш керек. Айтайын дегеним, бүгүнкү коррупционерлерди кармоо – эртеңки уурулукка бөгөт коюуга барабар иш. Ошон үчүн бул багытта сөз жана иш катуу болушу шарт. Албетте, мурунку бийликтер учурунда уурдап кеткендер өз жазаларын алышсын. Ошондой эле сууну атайылап ылайлатып, балык кармап жаткандар аркандарын алыс ыргытышса...

 Бирок, чынын айтыш керек, мурункуга салыштырмалуу бүгүнкү бийлик коррупцияга каршы күрөштү катуулатты. Аныгында бул эле аракет менен ийгиликке жетүү кыйын. Дүйнөлүк практиканы колдонсок, экономикабыз да, коом дагы өнүгөт. Коррупция азайып, инвестиция көбөйөт. Жаңы технологиялар пайда болот. 

-- Кыргызстанда ВВП жогорулаганы айтылууда. Анын өсүшүнө кайсы тармактар салым кошту деп ойлойсуз?

-Менин баамымда, Кыргызстандын ВВПсы өндүрүш эмес, үч нерседен жогорулап жатат. Биринчиси, салыктарды жана анын түрүн көбөйтүүдөн көп акча түшүүдө. Экинчиси, импорт көбөйгөн сайын бажы пошлинасы да арбып, мамлекетке түшкөн акчанын көлөмү көбөйдү. Үчүнчүсү, мамлекетте канчалык кымбатчылык болсо, ошончолук көп акча түшөт. Мына ушул үч жол менен Кыргызстандын ВВПсы жогорулап кетти да.

-Электр энергиясына карата тарифтердин кымбаттаганына кандай карайсыз? Элдин капчыгына күч келген жокпу? 

-- Электр энергиясын Максим Бакиев 70 тыйындан 1 сомго кымбаттатууга киришкенде революция ишке ашкан. Азыр бир жылда үч жолу электр энергиясынын баасы көтөрүлдү. Ишкерлер иштеген жердеги баа 1 сом эмес, 5 сомго чыкты. Ойлоп көрсөңөр, мамлекет электр энергиясын иштеп чыгуу көлөмүн эмес, баасын көбөйттү. Түшүнөм, мамлекет акча табуунун жолун издөөдө. Мамлекеттин эсебинен уурдалып кеткен кандайдыр бир үлүштү казынага түшүрүүгө далалат жасап, өлкөнүн бюджетин толтуруунун камын көрүшүүдө.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер