Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Замир Айылчиев: “Билим берүү министрлиги онлайн окууда эволюция кылган жок”

Замир Айылчиев: “Билим берүү министрлиги онлайн окууда эволюция кылган жок”

19-сентябрь, 12:20
456 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Пандемиянын эрежелери бир эле билим берүүгө тийешеси бардай. Дээрлик баардык тармак ачылып, жигердүү иш алып барууда. Бирок мектептер жабык. Бул мектеп окуучуларынын билимине, чакан курстардын ишмердүүлүгүнө кандай таасир этет? 

-- Пандемияга байлыныштуу өлкөбүздөгү билим берүү тармагына оффлайн форматта окууга уруксат берилбей, дароо баардыгы онлайн форматка өткөндүгү, албетте, ойлондурат. Онлайн окууда окуучулар пайдасын жана зыянын алышат. Дүйнөнүн экономикалык державасы АКШда баардык курстар негизи эле онлайн форматта окутулчу. Пандемиянын натыйжасында билим алуу бул багытка кетип бара жатканы кубандырбай койбойт. Дегеним, окуучулардын “Кыргызстанда отуруп алып эле аралыктан дүйнөнүн билимин алса болот” дегенди түшүндүрөт жана ушул нерсеге тарбиялайт. Бирок, балдардын билим алуу сапаты бир топко төмөндөшү мүмкүн. Мындан тышкары, онлайн форматта окутууга көпчүлүк үй-бүлөлөрдүн финансылык жактан даярдыгы жоктугу өкүндүрүүдө. Балдарына керектүү ноутбук же болбосо смартфон алып берүүгө мүмкүнчүлүгү жок үй-бүлөлөр эске алынбай калган. Албетте, керектүү жабдыктардын жоктугу окуучулардын окууга болгон шыктануусуна сөзсүз тоскоол болот. Терс таасирин берет. 

-- Октябрь айынан тарта окуучулардын мектепке барып билим алуу ыктымалдыгы айтылды. Буга коомчулуктагы билим берүүнүн онлайн түрүн жактырбагандардын көп болуп жатканы себеп болгондой... 

-- “Билим берүү министрлиги онлайн форматта окууда эволюция кылып ийди” дегенден алысмын. Себеби, бизде чоң мүчүлүштүктөр бар. Мындайча айтканда, билим берүү тармагы онлайн форматка толук даяр эмес. Себеби, бул окууда эң биринчи бүткүл Кыргызстандын региондорундагы интернет жана окуу системасынын электрондук форматка өткөндүгү маанилүү. Тилекке каршы, ушул жагы толук кандуу мыкты деңгээлде эмес. Аймактарда интернеттин ылдамдыгы  өтө жай иштейт, кээ бир айылдарда интернет жокко эсе. Ошондуктан, биз азыркы учурга реалдуу көз караш менен карашыбыз зарыл. Мисалы, бир үй-бүлөдө алты бала окуса, анда алтооно тең ноутбук же телефон алып берүү керек. Эгер ушул сыяктуу маанилүү нерселерди өкмөт эсепке албаса, билим берүү тармагында чоң коллапс пайда болот. Артка кетебиз. Ал эми октябрь айынан тартып мектептерди ачуу идеясы колдоого аларлык. Ошондой болсо да, бул эпидемиялык абалга жараша чечилет го... 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер