Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Руслан Акматбек: “Кайра эле мурдагылар келип, элдин үмүтүнө суу себилүүдө”

Руслан Акматбек: “Кайра эле мурдагылар келип, элдин үмүтүнө суу себилүүдө”

25-октябрь, 08:27
1 058 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бийлик алмашканы үмүт отун жандырды, бирок кадр алмаштырууларга нааразылыктар күч алды...

-- Кадр тандоо мени да канааттандырган жок. Элдин үмүтү, күтүүсү чоң болгон. Төңкөрүштөн кийин баары жаңыча башталып, мурда-кийин бийликке келбеген, жемкорлукка аралашпаган жаш кадрлар керек эле. Ал эми баягы эле саясый соодалашуунун натыйжасында бир-эки ысымды жаңылап, кайра эле мурдагыларды алып келүүдөн натыйжа чыкпайт. Командада чечкиндүүлүк, өзгөрүү жок. Элдин үмүтүнө суу сеппеш керек.

-- Өлкөбүздө айрыкча ишкерлик, экономика туңгуюкка кептелди. Сиздерге окшогон эксперттер чогулуп сунуш жолдосоңор, балким, жардам болоор...

-- Сунуш дайыма эле айтылып келген. Массалык маалымат каражаттарында көйгөйлөр көтөрүлүп, маселелер айтылып жатат. Кеп анда эмес. Кеп, “маселе оңдойм, түзөйм, башкача жолго түшөм” деген ниеттин жоктугунда. Азыр тышкы карызды элден чогултуу айласын издеп жатышат. Бул кемчонтойлордун иши. Карызга батыргандардан эсеп сурабоо, чара көрбөө – бул жоопкерчиликтин жоктугу да.


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер