Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Руслан Казакбаевдин негизги максаты – президент аныктаган курсту жүзөгө ашыруу

Министр Руслан Казакбаевдин негизги максаты – президент аныктаган курсту жүзөгө ашыруу

17-июнь, 20:53
918 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Азыркы кыргыз саясатынын истеблишментинде Руслан Казакбаев салмактуу орунду ээлеп турат. Өлкөбүздүн эл аралык мамилелери ургаалдуу жүргүзүлүп, кошуна өлкөлөр менен да, стратегиялык өнөктөштөр менен да дипломатиялык байланыштар бекемделип, октябрь окуяларынан кийин үзгүлтүккө учураган жок. Себеби, тажрыйбалуу дипломат, тышкы иштер министри Р.Казакбаев өлкөнүн тагдыры чечиле турган кыйын учурда “кризис менеджер” катары кызмат аткарып, мамлекетибиздин эл аралык мамилелерин жолго коюп, кызматташууларды бекемдеп, өлкөнүн сырткы аброюн көтөргөнгө каруусун казык кылып, катуу иштеди. Кыска убакытта эле президент Садыр Жапаровдун Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркияга иш сапарларынын жогорку деңгээлде уюштурулушу мунун айкын далили. 

Руслан Казакбаев 30 жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеп, анын ысык-суугуна күйүп, калыптанып, жетилди, таза иштеди. 90-жылдары Стамбулдагы башкы консулдун орун басары болуп, дипломаттык кызматка жаңыдан киришкенде жаштык максимализми менен чарчоо дегенди билбей күндөп-түндөп эмгектенди. Түркиянын мыйзамдарын билбеген кыргыз коммерсанттары тартип бузуп, коопсуздук башкармалыгына түшүп, камалып калган учурлар болгон, жалданып иштеген мекендештер эмгек акысын ала албай кожоюнунун үстүнөн арызданып кайрылгандар, паспортун жоготуп алып, үйүнө кете албай жүргөндөр, жол киреси жок калгандар, студенттердин көйгөйлөрү, айтор, кыйынчылыктар жетиштүү боло турган... Ошолордун баарына жардам берип, маселесин чечип, тез, ыкчам аракет кылганга, ар бир жаранга көңүл бөлгөнгө үйрөндү. Кийин башкы консул кызматында иштеп жатканда Кыргызстанга түрк инвесторлорун алып келип, иш орундарынын ачылышына, салыктын көп төгүлүшүнө салымын кошту. Ар дайым эл менен болуп, мамлекет үчүн иштеп көнгөн Руслан Казакбаев кийин чоң саясатка келгенде да парламентте депутат катары карапайым элдин көйгөйлөрүн чечүүгө көп убактысын жумшады. Ал кандай маселе болбосун принципиалдуу мамиле жасап, көпчүлүктүн шары менен кол көтөрө бербей сунуш кылынган мыйзам долбоорлорунун дурус-буруш жактарын талдап, электен өткөрүп, баардык маселе боюнча өзүнүн позициясы, пикири бар салмактуу саясатчы катары таанылды. Парламентте карманган негизги принциби – мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын коргоо болгон. 

Ал эч качан шашылыш чечим кабыл албайт, популизмге алдырбайт, жети өлчөп бир кесет. Көкүрөгүн койгулап “мен” деп мактанбайт, чоң иш бүтүрсө да “бүтүрдүм, жасадым” деп жар салбайт, оңой эле баатыр болуп көрүнгүсү келбейт. Министр болгону телерадио, гезиттерге маек курганы да азайып, дипломатиялык корпусту сааттай так иштетип жатат. Кол алдындагыларга койгон негизги талабы: таза иштөө, компетенттүүлүк жана эмгекчилдик.

Азыркы учурда министр Руслан Казакбаев дипломатиялык каналдар аркылуу мамлекеттин коопсуздугун бекемдөөгө умтулууда. Ошон үчүн ириде чек ара көйгөйлөрүн дипломатиялык сүйлөшүү, диалог жолу менен чечүү максатын койгон. Себеби, анын көз карашы боюнча чек ара чырдашуунун, тирешүүнүн предмети болбостон, достуктун, ынтымактын, коңшулуктун чордону болууга тийиш.

Алыскы-жакынкы өнөктөш өлкөлөр менен байланыштарды бекемдөөгө умтулууда. Анын негизги максаты – президент аныктаган курсту жүзөгө ашыруу. Ошон үчүн Азия, Европа өлкөлөрү менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарда ачык, астейдил, теңата кызматташууну жолго коюу максатын көздөп жатат. 


Аскар Медетов 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер