Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Түрмөлөрдө темирдей тартип орноп, Чыңгыз Кожошевден баары коркуп калыштыбы?

Түрмөлөрдө темирдей тартип орноп, Чыңгыз Кожошевден баары коркуп калыштыбы?

29-апрель, 00:19
3 394 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

ЖАМК төрагасы Чыңгыз Кожошев түрмөлөргө тартипти катаалдатып, катуу көзөмөлгө алып атканы маалымдалып келет. Мурда кылмыш дүйнөсүнүн анабашчылары каалагандай жашап, өздөрүнүн ички мыйзамын орнотуп келишсе, азыр андай өзүм билемдикке жол берилбей, ЖАМКнын тартиби менен гана күн кечирип жатышканы айтылууда. Буга чейин моюн бербеген “авторитет”, “блатнойлорго” карата күч колдонушуп, ийге келтиришкенби? Сыягы, барган сайын түрмөлөрдө темирдей тартип орноп, Чыңгыз Кожошевден баары коркуп калыштыбы? Айтмакчы, жакында абактагы эки адамдын сөөгү чыкканы коомчулукта чоң талкууларды жаратты. Бул таризде күмөн саноолор да күч. ЖАМК жетекчилиги маалымат айдыңында утулуп калганы, чыныгы реалдуулукту ачып бербегени кандай? “Медалдын эки бети бар” дегендей, адам укуктарын унутта калтырбай, гумандуулук тарабын да байкоо зарыл го? Кыскасы, ЖАМК жабык жай болсо да, элге карата ачыктык керек да. Шек саноону күчөтпөй...


Акын Бекчороев 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер