Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жогорку Кеңеш – жоопкерчиликсиз кирди-чыктылар үчүн “аткана” эмес

Жогорку Кеңеш – жоопкерчиликсиз кирди-чыктылар үчүн “аткана” эмес

15-октябрь, 20:06
613 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүнкү күндө, башкача айтканда, 2025-жылдын аягында Жогорку Кеңештин депутаттары мөөнөтүнүн бүтүшүнөн бир жыл мурда “тарап кетели” деп демилге көтөрүшүп, кол топтоп жатышкандыктарын тарыхчы Кыяс Молдокасымов “келерки жылы кош шайлоо болгону жаткандыктан, депутаттар туура кабыл алышып, ушул кадамга барууда” деп жымсалдап, депутаттардын чыныгы жүзү кандай экендигин жаап-жашырууда (“Азия-Ньюс”, 18-сентябрь 2025-жыл). 

Ал эми жарандык активист Максат Казакбаев “Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда тарайт” деген шайлоо мыйзамында туура эмес. Жогоку Кеңеш өзү мыйзам бузбай, мөөнөтүнүн акыркы бир күнүнө чейин отуруп бериши керек эле” дейт. 

Бул абдан калыс, адилеттүү пикир. Анткенимыйзамды өздөрү бузуп жаткандан кийин, башкалардан эмне жакшылык күтүүгө болот? 

Оппозиционер Мавлян Аскарбеков “Жогоку Кеңешке уламдан-улам начар адамдардын келиши шартталып калды. Орчундуу маселелерге бир да реакция болбоду” дейт. (Азия-Ньюс”, 18-сентябрь 2025-жыл).

Туура, менин жеке пикиримде, Кемпир-Абад боюнча отуз адам камакка алынганда маселенин оң жана терс жагын ачык айткан бир депутат болгон жок.

 «Азия Ньюс» гезити бийликтегилерге кошомат кылбай, өлкө ичиндеги иштердин ак-карасын ай тийгендей ачык жазган гезит. Натыйжада, 7-чакырылыштагы депутаттардын 32си дипломду сатып алгандар, өздөрүнүн ой-пикирлери жок, билим деңгээлдери туура келбегендер мандаттарын таштап кетүүгө аргасыз болуштубу? Калгандары тазабы? Жок! Партиялык тизме аркылуу шайланып келгендер – шайлоочунун добушун сатып алгандар эмеспи? Буга кашкайган далил: «Ыйман Нуру» партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков өзүнө берилген чоң суммадагы акча каражатын кандайча жумшалгандыгына так жооп бере албай, аягында парламенттен чыга качып кутулду. Элди ыйманга чакыргандар (анда дагы молдокелер “мамлекеттик ишке кийлигишпейбиз” деп коюшат) ушуну жасап жаткандан кийин, калган партиянын депутаттары деле бири-бирине коёндой окшош немелер го...

Бүгүнкү күндө сан жагынан 200гө жетип калган саясый партиялар – Ата мекен деген ыйык сезимден ажырап калган жанбактылар. Анда саясый партиянын мүчөлөрү кимдер? Аялы менен күйөөсү, кайната-кайненеси, бажа менен балдызы, таяке-жээн, бөлөлөрү. Ушул адамдар өздөрүнүн жеке кызыкчылыгынан мамлекеттик кызыкчылыкты жогору коё алабы? Жок! Алардын көздөгөнү депутаттык мандатка жетип алгандан кийин жеке бизнесин өнүктүрүү, мандат аркылуу чет өлкөлөрдү кыдыруу. 

Демек, бүгүнкү күндөгү саясый партиялар жеке кызыкчылыктагы үй-бүлөлүк партиялар. Малекеттин башчысы болгодон кийин Садыр Нургожоевич Жапаров мындайга жол бербеши керек эле. Өтө эле көп партия керек болуп атса, 1) жалпы улуттук партия, 2) интеллегенциянын партиясы (булар акыл эмгеги менен иштегендер), 3) жумушчу-дыйкандар партиясы (булар эл-журтту тамак-аш менен камсыз кылып жаткандар). 

«Отунду жаккан билбейт, алган билет» деп айткан илгеркилер. Жогорудагы үч партиянын мүчөлөрү турмуш тиричиликтин түйшүгүн өз көздөрү менен көрүп-билгендер, эртеңки күнгө, келечекке көз карашы бар билимдүү адамдар. Бул үч партиядан шайланган депутаттар Улаккандын Сыргагындай ден соолуктары таза, бал менен оозун чайкаган, алыскы-жуукту байкаган Бакайдай акыл-эстүү, күчтүү адамдар катары чыйыр салышмакМындайлар өз укугун туура түшүнгөн эл өкүлдөрүнө айланышып, президентке көз каранды болмок эмес. Эгерде эл талап кылса, президенттин бир жылдык ишинен жыйынтык чыгарып, эл-журтка так маалымат берип турушмак. Ушундай шартта эки-экиден жакалашпай, эл ичи тынч болмок.


Муканскиф Усубакунов, Ысык Көл району, Сары-Камыш айылы

Тел.: 0706-33-88-04  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер