Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бактыбек Чойбеков, ЖК депутаты: “Ишкерлер мыйзамсыз көрүнүштөрдөн кыйналышууда”

Бактыбек Чойбеков, ЖК депутаты: “Ишкерлер мыйзамсыз көрүнүштөрдөн кыйналышууда”

22-октябрь, 08:00
504 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бактыбек Каныбекович, жакында эле социалдык тармактардан көрүп калдым, Таласка барып, шайлоочуларыңыз менен жолугуп келдиңиз көрүнөт...

-- Ооба, улуттук тилибиздин 35, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түптөлгөнүнүн 100 жылдыгына байланыштуу Көк-Ой мектебинде балдарды ЖРТга даярдоо боюнча жаңы, заманбап кыргыз тил кабинетин ачтык. Ичинде интерактивдик панели, парталары менен. Былтыр дагы химия кабинетин ачкан болчубуз. 

-- Сиздин жеке демилгеңиз боюнчабы?

-Ооба. Жеке демилгем жана үй-бүлөлүк каражатым менен. 

-- Кечээ комитеттин жыйынында кичи бизнес, чакан дүкөндөрдүн жабылуу коркунучу боюнча көйгөйлүү маселе көтөрдүңүз. Көйгөйдүн себеби эмнеде?

-- Мен “Дордой” базарынан товар алып келип, шаардагы соода түйүндөрүндө сатып жаткан ишкерлерибиз туш болгон көйгөй тууралуу айттым. Себеби, салык кызматкерлери базардан алып келген товары тууралуу счет-фактура сурап атат. Тигилерге барса, өзгөчө режим деп алар бербейт. Ортодо биздин ишкерлер кыйналышууда. 2-3 миллион сом турган товары болсо, санап, ошондон да 10 пайыз алышууда. Бул мыйзамсыз. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер