Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабыр Муканбетов: “Эл ичинде Садыр Жапаровго болгон ишеним жогору”

Сабыр Муканбетов: “Эл ичинде Садыр Жапаровго болгон ишеним жогору”

02-декабрь, 21:30
1 664 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Сабыке, кандайсың! Шайлоодо көрүнбөдүң. Сбой болуп ызы-чуу түшүп атсак жоксуң. Кайдасың?

-- Бизде үй-бүлөдө жоготуу болду. Ковиддин кесепеттери кетелек, пассивдүү болуп, үйдөн чыкпай, айтор, ошондой... Болгону ошо шайлоо күнү барып бюллетень салганым болбосо, мен бу сапар шайлоого эч катыша алган жокмун. Самоизоляция кыскасы. 

-- Шайлоодогу нааразычылыктар тууралуу угуп атасың да, ошол тууралуу оюңду айтчы? Эмне болуп кетти? 

-- Соцтармактардан маалымат алып, “тынч, таза өтөт” деп аттык эле. Анан жанагы сбой чыгып эле, ушинтип чуулдак болуп кетти. 

Адегенде “10 партия өттү” деген маалымат таркап, анан 40 мүнөт өчүп, күйгөндөн кийин алтоо калып, анан “Бүтүн Кыргызстан” кайра кошулганы, кол санактын жүрүшү менен цифралар тез-тез өзгөрүп жатышы, айтор, ошонун баары жалпы элге көрүнүп, таркап жатканы да ар кандай маанай туудуруп, эл эмнеге ишенерин билбей маң болуп жатат. Ишенбегени, кыжырданганы, түңүлгөнү арбый түшкөнү байкалууда.

“Сбой, хакердик чабуул, диверсия” деген маалыматтар чыгып кетти. Кайсынысына ишенериңди билбейсиң. Саясый оппоненттер, айрым серепчилер жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын президентинин өзүнө жүктөшүүдө.  Садыр Жапаров болсо БШКнын ишинде териштирүү жүргүзүлүп, баары аныкталарын, күнөөлүүлөр болсо катуу жазага тартыларын айтып, кол менен саноонун жыйынтыгын күтүүнү суранды. 

Жер-жерлердеги шайлоонун өтүшү, подкуп, подвоз, ж.б. ыпластыктын кескин азайышы коомчулук тарабынан “саясый процесс таза өттү” деген баа алып, негизинен бул шайлоого болгон элдин ишеними жогору болуп жатат. Ошон үчүн коомдогу нааразычылык төмөн, көпчүлүк мурдагыдай партияларды ээрчип, дүргүп кеткен жери жок. Эл ичинде дагы да болсо Садыр Жапаровго болгон ишеним жогору, колдоо бар болгону үчүн нааразы партиялардын чакырыктары массалык толкундоолорго алып бара албады.  

-- Эми бу кырдаалдан кантип арылуубуз керек?

-- Кырдаал татаал. Жакшы болуп да, жаман болуп да чыгуубуз мүмкүн. Кол санакты ачык, таза, адилет жүргүзүп, жыйынтыгы сервердикине дал келбей калса, анда фальсификация жасалгандыгы аныкталган болот. Элдин тандоосун бурмалоо – бул чоң кылмыш. Кылмышкерлер аныкталып, катуу жазасын албаса, анда кине Садыр Жапаровдун өзүнө оой баштайт. “Жазалай албайт, анткени өзү аралашкан” деп айткандардын кычуусу кана баштайт... 

Ошондуктан, азыр баары Садыр Жапаровдон көз каранды. Мурдагылардай, эскиче “козел отпущения” дайындай коюп кутулуу кыйын. Президент накта күнөөлүүнү таап жазалашы керек, болбосо өзүнө сөз тийе баштайт. Кол санактын ачык, калыс, адилеттүү өткөрүлүшү да коомчулукту тынчытып, элдин ишенимин бекемдөөгө түздөн-түз таасир этерин унутпашыбыз керек!


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер