“Акылбек Жапаровдун айткан статистикасына ишенбейбиз”
-- Акылбек Жапаров өлкөдө жашоосуна канааттанган адамдардын саны кескин түрдө өскөнүн айтты. А чыныгы реалдуулук кандай?..
Кубатбек Байболов, экс-башкы прокурор:
-- Адатта ушул сыяктуу корутундулар кайсы бир илимий, социалдык изилдөөлөрдүн, сурамжылоолордун негизинде берилет. Тилекке каршы, Акылбек Жапаров кайсы көрсөткүчтөргө таянып, мындай жыйынтыкка келгенин айтпайт. Андай цифралар жарыя кылынбагандыгына байланыштуу биз көзгө көрүнгөн, рельефтүү көрсөткүчтөргө таянышыбыз мүмкүн. Маселен баалар, ар кайсы төлөмдөрдүн өлчөмү, айлык акы жана башка ушул сыяктуу көрсөткүчтөргө.
Эгерде чындап эле өнүгүү чамдап, бюджет профицит болсо, элдин биринчи катарда муктаждыктары канааттандырылат болчу. Айтор, акыр аягы үчилтиктин бир жолу болсо да илимий негиздеги экономикалык анализин уксак жакшы болмок.
Тазабек Икрамов, экс-депутат:
-- Ачыгын айтыш керек, пандемиядан кийин жалпы дүйнө экономикасында өсүш бар. Аны бизде эле эмес, коңшу мамлекет башчылары да айтышууда. Бирок, ошол өсүштү инфляция жеп коюп жатканын эч ким оозанбайт. Мисалы, 2020-жылга чейин жакырчылыктын деңгээли 28 пайыздын тегерегинде белгиленип келсе, азыр ал 32 пайызга көтөрүлгөнү айтылып келет. Бул реалдуулук Акылбек Жапаровдун статистикасын жокко чыгарат. Айлык акы, пенсиянын индексациясы инфляцияны кууп жетпей жатат. Бюджет жалаң инфляциянын негизинде көбөйүп, ал түз эле карапайым элдин чөнтөгүнөн төлөнүүдө. Бул жерде ишкер да, мамлекет да жабыр тарткан жок. Карапайым калк кыйналууда. Ал эми Акылбек Жапаровдун айткан статистикасына мен деле эл сыяктуу ишене бербейм.
Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу:
-- Акылбектин айтканы, бизнес, соода-сатык менен жашагандарга тийешелүү. Анткени, мамлекеттин максаты – базар экономикасына жол ачуу. Демек, бул чөйрөдөн оолак тургандарга, пособие, керектөөчү корзинага жетпеген каражат алгандарга кыйын эле.
"Азия Ньюс" гезити