Коомчулук тажик улутундагы кеңешчи Равшан Сабировго нааразыбы?

Тажик бийлиги көздүн карегиндей болгон Баткенибиздин бир топ айылдарын аткылап, өрттөп салышканы баарыбыздын жаныбызды кашайтты. Отуздан ашык бейкүнөө мекендештерибиз шейит кетишти. Жүздөгөн үйлөр, орто-кичи бизнес талкаланып, жадагалса жергиликтүү тургундардын машиналарын, малдарын да коңшулар айдап баса беришкен. Оор жоготууга учурадык. Мындай шартта тажик улутундагы Равшан Сабировдун президентке кеңешчи болуп отурганын кандайча түшүнөбүз? Албетте, олуттуу суроо! Моралдык, этикалык жагынан кандай гана күмөн жаратууда? Бул боюнча коомчулукта нааразычылыктар оргуду, түшүндүрмө бере алабызбы? Ооба, Баткен окуясына Равшан мырзанын күнөөсү жок дечи, бирок саясый жагынан пикир келишпестиктер улуттук сезимге ойноп атканын кантип жашырабыз? Логика...
"Азия Ньюс" гезити