Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жогорку соттун судьялыгына сынак жарыяланды

Жогорку соттун судьялыгына сынак жарыяланды

18-август, 19:27
1 346 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сотторду тандоо кеңеши Жогорку соттун үч судьясынын ордуна сынак жарыялады. Ага ылайык, сынакка катышуучулардын арыз жана башка документтери он күн ичинде кабыл алынат.

Быйыл 5-майда кол коюлган Конституцияга шайкеш келтирүү үчүн президент Садыр Жапаров сот системасына беш жаңы мыйзам сунуштаган. Бул мыйзамдар сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыздоого багытталганы айтылган. Мыйзам долбоору июль айында Жогорку Кеңеште 1-окуудан өткөн.

Жаңы мыйзамга ылайык, Сотторду тандоо кеңеши “Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш” деп өзгөртүлөт, анын 12 мүчөсү болот. Төрагасы жана сегиз мүчөсү соттордон тандалат. Жогорку соттун төрагасынын ыйгарым укуктары кеңейтилип, жергиликтүү соттун төрагаларын дайындайт. Тартип комиссиясынын 9 мүчөсү тең соттордон куралат. Буга чейин 9 мүчөнүн үчөө президенттин, үчөө Жогорку Кеңештин өкүлү болсо, үчөө соттордон тандалып келген.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер