Аскар Медетов: “Айтматовго таазим кылып, Эрдоган эбегейсиз адамгерчилик жасады”


Жусуп Баласагын атындагы КУУнун доценти менен маек.
-- Аске, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Ата-Бейитке зыярат кылып, репрессиянын курмандыктарына, Чыңгыз Айтматовдун арбагына куран окуду го?..
-- Кантсе да бул азыркы дүйнөлүк саясаттын бир жагын чоюп жаткан президент Режеп Тайип Эрдоган тарабынан жасалган эбегейсиз адамгерчилик болду. Жүз жылдыгы белгиленип жаткан Кыргыз мамлекетин негиздеген аталарыбыздын сөөгү жаткан жер – жалпы журтубуз сыйына турган ыйык жай да. Эрдогандын зыяраты Айтматов дүйнөлүк масштабдагы жазуучу эле эмес, улуу ойчул экенин дагы бир жолу “ташка тамга баскандай” далилдеди. Айтматов жараткан көркөм дүйнөгө, эстетикалык ачылгаларына дүйнөдөгү чоң интеллектуалдар, Эрдоган сыяктуу кеменгер саясый лидерлер суктанып, таазим кылууда.
Бирок биздин куулган, бозгун президенттер Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк масштабдагы жазуучу, инсан катары улуулугун, кадырын билишкен жок. Курманбек Бакиевдин убагында 80 жылдыгы, Сооронбай Жээнбековдун учурунда 90 жылдыгы белгиленди. Тилекке каршы, залкар жазуучунун ысымын түбөлүккө калтыруу маселеси өз деңгээлинде чечилген эмес, жер караган немелердей болушуп, “ит атасын тааныбайт” дегендей эле мамиле жасашты, мунун баары эми учтан түпкө кала турган тарых. Дагы жакшы, азыркы бийлик районго атын берип, бул маселени кайсы бир деңгээлде чечти. Мына, Астанада Евразия университетине Гумилевдун ысымы ыйгарылган. Гумилев дүйнөлүк аты бар аалым, эмгектери, илимий ачылыштары билим дүйнөсүндө өзгөчө орунда турат. Анын ысымынын ыйгарылышы – жаңы уюшулган университет үчүн чоң сыймык болду.
Ал эми “дүйнөдөгү алдыңкы 1000 университеттин катарына киребиз” деп ураан таштагандан башка эч нерсе кыла албаган провинциалдык деңгээлдеги биздин университеттерибизге экс-губернаторлордун ысымын ыйгаруу модага айланып жатат. Кыргыз-өзбек университетине Батыралы Сыдыковдун, Жалал-Абад университетине Бекмамат Осмоновдун аты коюлган, ушундай атына заты жарашпаган жаман “салт” улана берсе, буюрса-буюрбаса дагы, “козу болсо да өз короомдон кочкор салам” деген трайбалисттик саясаттын негизинде Баткен университетине Мамат Айбалаевдин атын беришет болуш керек. “Ош мамлекеттик университетине мурдагы ректору Каныбек Исаковдун атын беребиз” деген аракеттер көрүлгөн, эми бул окуу жай талашка түшчүдөй...
-- Эмнеге? Губернатор десе губернатор, президент десе президент болгон Соке турат го...
-- Көрүнүктүү инсандардын ысымын ыйгаруудагы башаламандык ушу Сооронбай Жээнбековдун бийлиги учурунда уланды да. Айталы, Батыралы Сыдыковго окшогон жүздөгөн облустук масштабдагы жетекчилер арбын эмеспи. Эмненин негизинде анын ысымы университетке ыйгарылган? Ал башка жетекчилерден айырмаланган кандай иш жасады эле? Ушундай эле орто звенодогу аткаминерлер Тыналиев, Медеров, Элебесовдордун ысымдары Бишкек шаарынын көчөлөрүнө берилген. Тескерисинче, өлкөнү 24 жыл башкарып, өнүктүрүп, гүлдөткөн Турдакун Усубалиевдин ысымын университетке бергенди мындай коюңуз, Бишкектин бир көчөсүнө да ыйгарганды ыраа көрүшпөдү. Бул албетте, адилетсиздик, ала койду бөлө кыркуунун кашкайган үлгүсү. Мисалы, Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун убагында союз учурунда жаманатты болуп, аты булганган Шараф Рашидовдун ысымын түбөлүк калтыруу максатында “Навои атындагы облус, шаар бар” деп, Навоинин ысымын алып жүргөн Самарканд университетине Рашидовдун атын берген. Ислам Каримов ушинтип Шараф Рашидовдун ысымын калыбына келтирип, сый-урмат көрсөткөн. Ал эми Турдакун Усубалиевдин ысымын түбөлүккө калтыруу маселеси дагы деле чечиле элек.
Чыңгыз Айтматов боюнча деле жагдай ушундай. 100 жылдык мааракеси жакындап келатат. Кыргызды дүйнөгө тааныткан, жалпы адамзаттык мааниси бар дөөлөттөрдү жараткан, планетардык масштабдагы ойчул, элибиздин маңдайына бүткөн сыймыгы, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду кадырлап, барктап, сый көрсөтө албасак, анда доско күлкү, душманга таба боло тургандай эле абалда калабыз...
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











