Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күйүүчү май, азык-түлүк кымбаттап, жакырчылыктын ордосуна айланып баратабызбы?

Күйүүчү май, азык-түлүк кымбаттап, жакырчылыктын ордосуна айланып баратабызбы?

10-октябрь, 19:30
3 933 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты:

-- Менин оюмча, акча инфляция болуп жатат окшойт. Жаңы акча чыгары менен баа көтөрүлдү. Биз күйүүчү майды, азык-түлүктү доллар менен алабыз. Ошон үчүн да кымбатчылык сезилип жатат. Бардык баалар бир заматта көтөрүлбөгөнү менен акырындан көтөрүлүүдө.

Марлен Маматалиев, “Ынтымак” фракциясынын лидери:

-- Күйүүчү майга биз көз карандыбыз. Дүйнөлүк биржада баасы көтөрүлсө же түшсө, бизге заматта эле сезилип турат, өзгөчө көтөрүлгөндө. Баткенде, Жалал- Абадда нефтинин запасы бар. Эгерде 100% иштетип, өзүбүздү камсыздай баштасак, күйүүчү майга көз карандысыздык жоголот. Буюрса, өзүбүз баасын аныктап калабыз. Ал учур да келер... Азык-түлүк боюнча да так ушундай эле жагдай.

Нарынбек Молдобаев, экс-депутат: 

-- Мен күйүүчү май менен көп жыл иштегем. Ошон үчүн бул маселени жакшы билем. Бизде күйүүчү май өндүргөн сырьё жок. Ошондуктан сырттан алууга аргасызбыз. Бирок, бизден да кымбат алган мамлекеттер бар. Маселен, Тажикстанда бизге салыштырмалуу кыйла эле кымбат. Өзбекстандын өзүнүн нефтиси, нефть иштеткен заводдору бар болсо да өздөрүнө жетпей жатат. Казакстанда дагы өзүнүн нефтиси, аны иштеткен заводдору бар. Буларда азырынча күйүүчү май арзан. Россияда нефтиси кенен болсо да, күйүүчү май 54 рублдан экен. Негизи күйүүчү май көтөрүлсө, баары кымбаттайт. Анткени, тоолуу өлкө болгонубуз үчүн азык-түлүк, кийим-кече, курулуш материалдарынын баары машине менен ташылат. Бир кымбаттап алгандан кийин эч качан арзандабайт. Жакырчылык дейбизби, айтор, дүйнө жүзүнүн баарын эле кымбатчылык каптап жатат. Бирок, кыйынчылыкты кыргыздар башынан далай өткөргөн. Ошон үчүн духду түшүрбөй, үмүт менен жашашыбыз керек. Мындан деле начар турмушту баштан кечиргенбиз. Жаңы доорго өтүп жатканда деле элдин көпчүлүгү жумушсуз калган... Буюрса, бул кыйынчылыктан деле чыгабыз.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер