Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Түркия-Күрдстан согушу, Сочидеги саммит

Түркия-Күрдстан согушу, Сочидеги саммит

31-октябрь, 00:09
646 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Түрк туугандар менен илгертен бери жоолашып келген, эмдигиче мекени жок күрд элинин Сириянын түндүгүндөгү абалын Режеп досу да жактырып, күрддөрдү да аман алып калып, биттин ичегисине кан куйгандай жайгаштырган Орусия башчысына таң бербей коё албайсың. Режеп Тайыптын амалдуу каарынан чочуган амерлер болсо, ал жердеги турагын таштагыча шашканына бүт дүйнө күбө болду. Анын да башкы себеби даана көрүнүп турат.

Атап айтканда, янкилердин шашылыш качышынын чоң себеби – өзүлөрү бөпөлөп багып өстүргөн, бирок, бүгүн күнү бүтүп бараткан эл аралык террорчул (бузуп-жаргыч) Ислам мамлекети (Орусияда тыюу салынган) деген түзүлүштүн мындан аркысына кепил боло албастыгын жону менен сезгени болду. Анткени, Орусиянын космос-аба күчтөрү менен Сирия өкмөт аскерлеринин кыйраткыч соккуларынан кийин террорчулар чынында баш көтөрө албай калышпадыбы. Ушундай абалдан пайдаланган Түркия эзелки душманы, чектеш жайгашкан күрддөрдөн биротоло арылуу амалын ишке ашырууну көздөп калды.

Ал үчүн түрктөр “чек арада коопсуз аймакты түзөбүз” дегенди ойлоп таап, ага чындап киришкени калганын сезген амерлер буга чейин өзүлөрү көзөмөлдөп келген террорчуларды да, колдоп келген күрддөрдү да Режеп-бейдин колуна сала берип, “эмне болсоңор, ошо болгула” деп, баарына кол шилтеп, четке чыга беришти го.

Эс тартып бойго жеткенден баштап, базарчасынан айтканда, жалаң “бирди – онго, онду – жүзгө, жүздү – миңге, миңди – түмөнгө” айландырганга маш, ал эми жогорку кылдаттыкты, терең ойду талап кылган эл аралык чоң саясатты билиши өтө начар Трампмунусу менендагы бир жолу чоң мүдүрүлгөнү билинип калды. Анын бул жоругуна АКШдагы бийлик партиясы, алтургай Пентагон (коргоо министрлиги) да каршы болуп, айыптап, соңкусу болсо амербашчынын чечимин аткарбайбыз деп кара күчкө коркуткансыганы да бар.

Базарком кебетеленген Трамптан айырмаланып, эл аралык геосаясатта такымын жеп калган Путин акең муну дароо байкады да, янкилер Сирияда кечиримсиз таштап кеткен аңырайган боштукту дароо баса калып, ал жерге Рамзан Кадыровдун уруш-согушта такшалган батальондорун “аскер полициясы” деген ат менен жойлото салды… Бул жүрүшү аркылуу Путин бир ок менен эки коёнду аткандай болду. Бир коёну – Сириянын аймагынын бузулбастыгын сактаганы, экинчи коёну – янкилер колдобой таштап кеткен күрддөрдү түрктөрдүн кезектеги жазасынан сактап калганы.

Эми күрд маселесине келсек, бул байкуш элдин тарых-таржымалы өтө эле узун жана да абдан чаташкан. Батыш маалымат каражаттарына таянсак, мисалы, белгилүү англис чыгыш таануучу Малькольм Маккол күрддөрдүн бир бутагы (бизче – уруусу) болгон езиттер тууралуу өтө кызык баяндап берет. Алар жөнүндө айта берсе, өзүнчө бир бүтпөс узун кеп. Езиттердин бир кызыгы, көтөргөн туусу Кыргызстан эгемендик алганда көтөргөн биздин күн таажылуу кызыл тууга ортосу опокшош. Бир гана асты-үстү аппак.

Ал эми күрддөрдүн мурдагы СССРдеги таржымалын алсак, падышалык Орусиянын башын жеген Октябрь төңкөрүшүнөн мурда жана он жылдай бою азыркы карагашалуу Карабак автономиясыны кошуп, айлана-тегерин ээлеп, ак падыша убагында “Күрдстан уезди”, совет мамлекетинин алгачкы мезгилинде он жылдай жашаган “Кызыл Күрдстан” деген чоң автоном облусу турган экен. Ал күрддөр негизи армян тектүү болуп көрүнөт. Айрым маалыматтарда түрктөр күрддөрдү орто кылымдарда эле мусулмандаштырууга киришип, бирок, бул эл абдан өжөр, бутпараска (биздин теңирчиликке) жакын өз динин катуу сактап, эч багынбай койгондо, түрк султаны аларды кырып жок кыла баштаганы айтылат.

Азыр Жакын Чыгышта (Ирак, Сирия, Ирандын түндүгүндө, Йеменде) түрктөр менен арабдардын, кийин Ислам мамлекети (Орусияда тыюу салынган) сыяктуу ашынган исламчыл согушкерлердин күрд-езиттерге өчүгөшкөн саясатынын түп себептери ушундан уламбы деген ынаным өзүнөн-өзү пайда болот.

Соңку күндөргө сереп салсак, Орусиянын Жакынкы Чыгышта гана эмес, дегеле араб жана Африка дүйнөсүндөгү кадыр-баркы болуп көрбөгөндөй өскөнү айкындалууда. Буга кечээ гана ийгиликтүү аяктаган “Орусия-Африка” саммити айкын далил.

Бул саммитин чын маанисин, атап айтканда, ыраматалык СССР ыдырагандан кийин көптөн бери кароосуз калып, жалаң АКШ менен Кытайдын, дагы башкалардын оюнчугуна, геосаясат оюнканасына айланган азаптуу Африканын мындан аркы тагдырын, жаңы Орусиянын аракеттеринин үзүр-кесирин, ошол аракеттери доордун бул континент баштан өткөрүп, чыдап көтөрүп келаткан дарт-сыркоолоруна даба болор-болбостугун да көрөбүз го.


Садырбек ЧЕРИКОВ, саясат иликтөөчү

Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер