Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канатбек Мурзахалилов: “Муфтийдин кетиши юридикалык баасын алат...”

Канатбек Мурзахалилов: “Муфтийдин кетиши юридикалык баасын алат...”

15-февраль, 20:53
1 467 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Коомчулук дагы бир таңгалычтуу окуяга күбө болду. Муфтияттын башкы эсепчисинин кармалышы менен муфтийдин кызматтан кетишине кандай баа бересиз?

-- Ислам дин чөйрөсүндөгү бир кылка эмес абал буга чейин деле айтылып келаткан. Муфтийге, дин башкармалыктын башкаруу түзүмүнө байланышкан маселелерди муфтияттын уставынын алкагында, дин мыйзамынын негизинде Кыргызстан мусулмандарынын курултайы чечиш керек. Ал эми кылмыш ишине байланыштуу жоопкерчилик тергөө органдарында аныкталып, сот гана чекит коё турган маселеге айланды. Азыр бир нерсе деп алдын ала божомолдоо кыйын. 

Биз 2005-2010-жылдардагы бийлик алмашкан мезгилде ар түрдүү топтордун муфтияттын ички иштерине аралашканын көргөнбүз. Ал жерде убактылуу шайланган муфтийлердин кээ бирлери сабалып, абал эки жылдан кийин гана турукташкан. Ошондуктан бул нерсени Кыргызстан мусулмандарынын башкы органы катары эсептелген курултайдын компетенциясына коюп берүү зарыл. Эч кандай тышкы күчтөр кийлигишпөөсү шарт. Балким, радикалдуу күчтөр кийлигишсе, күч органдары мыйзам чегинде киришсе болот. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы дагы өлкөдө катталган 30дан ашык уюмдарга окшош эле коомдук уюм катары эсептелинет. Биз мыйзамды сакташыбыз шарт. Ар түрдүү күчтөрдүн кийлигишип, өз адамдарын муфтийликке түрткөнү дагы болбойт.

-- Жалган маалымат болушу да ыктымалбы?

-- Албетте, бул маселенин жыйынтыгы чыгат. Официалдуу түрдө УМККнын коррупцияга каршы кызматты муфтияттын башкы эсепчиси кармалганын айтты. Анын артынан эле муфтий Максат ажы Токтомушев отставкага кетүүгө арыз жазды. Бул иштердин баары эми юридикалык баасын алат. Муфтийди шайлоо, муфтияттын курамын жаңылоо курултайдын жана аалымдар кеңешинин компетенциясында. Башка күчтөрдүн кийлигишүүгө акысы жок.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер