Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » УКМКнын атын сатып, журналисттерди коркуткан милициялар жазалансын!

УКМКнын атын сатып, журналисттерди коркуткан милициялар жазалансын!

09-апрель, 14:50
1 321 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

9-апрелде “УКМКнын кызматкерлерибиз” деп, эртең менен NazarNews.kg маалымат агенттигинин журналисти Жаңылай Сталбекованы эшикте 2 саат суукта кармап, коркутуп, “Россиядан маалыматты ким берди? Камайбыз! Россиянын маалыматын чыгарбагыла, болбосо материалды социалдык тармакка чыгарган Айдана Каныбек кызын кармап, камайбыз. Жактоочу чакыргыла” деп коркутушкан. Алар кеткенден кийин журналист Жаңылай Сталбекова коркуп, эс учун жоготуп койду. (Видео тасма бар.) Алар келгенде өздөрүн “УКМКда иштейбиз” деп келген. Журналисттерге өздүгүн тактаган документтерин көргөзгөн эмес. Көрсө алар, Ысык-Ата районунун ИИБнин лейтенанты Калыков Дастан Темирбекович жана Пузин Вячеслав деген кызматкерлери болгон. 

“Карантинге алынган 18 жаштагы кыз каза болду” деген теманын ичинде мындай макала жазылган. Россиянын Ленинград облусунун тургуну Италиядан келгенден кийин жашаган жери боюнча карантинге алынган. Ал газга ууланып каза болду. Бул тууралуу РИА Новости укук коргоо органдарына шилтеме берип жазып чыкты.“Италиядан келгенден кийин жашаган жери боюнча карантинге алынган Ленинград облусунун Аро айылынын тургуну 22-март түнү газга ууланып каза болду”, - деп айтылат маалыматта. Маалыматка ылайык, 18-жаштагы кыз “Тез жардам” кызматы келгенче эле көз жумган. Окуя газ жабдуулар орнотулган жертөлөсүндө болгон” деп жазылган. 

Урматтуу ИИМдин жана УКМКнын жетекчилери, тез аранын ичинде кызматкерлериңерге тийиштүү чара колдонушуңарды талап кылабыз. Мындай ээн баштык, коркутуунун чеги болушу керек. Так учурда журналист Жаңылай Сталбекова өзүнө келбей жатат, ага бир нерсе болсо Калыков Дастан менен Пузин Вячеслав керт башы менен жооп бериши керек. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев мындай ээнбаш айрым кызматкерлерин тыйбаса өз башына муш болот.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер