Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адвокаттардын долуланып, саясатташканы туурабы?

Адвокаттардын долуланып, саясатташканы туурабы?

09-декабрь, 12:44
659 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дүйнөлүк практикада адвокаттардын конкреттүү жасай турган кадамдары, эрежелери бар. Мисалы, башка өлкөлөрдө адвокаттар кайсыл иш боюнча жактоочу болуп жатса, анда ошол иштин тегерегинде гана сөз сүйлөшөт. Андан башка темага өтпөйт, саясатка аралашпайт. 

Ал эми биздечи? Тилекке каршы, биздин өлкөдө адвокаттар да өтө терең саясатташып кетти. Коррупционерлерди коргоп жатканы деле, сепаратисттерди актагысы келгендери деле «саясый куугунтук болуп жатат» деген сөздү айтууну адатка айлантып алышкан. Дал ушул сөз менен алар өздөрүнүн кардарларын коргоп, алган акчаларын адалдап алгылары келет. Ошол өзү коргоого алып жаткан кардарынын кайсы бир коррупциялык иште катыштыгы жок экенин конкреттүү далилдер менен айта алышпайт. Антип баштарын оорутканча, жөн эле «саясый куугунтук болуп жатат, бийлик өзүнүн оппоненттерин ушинтип баскысы келип жатат» деп догурунуп отурганды жакшы көрүшөт. Бир жагынан алганда жеңил дагы болот эмеспи. 

Ошондон улам «Бизге саясатташкан адвокаттардын кереги барбы?» деген суроо туулат. Мисалы, Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталып, соттун чечими менен күнөөлүү катары табылгандардын адвокаттары ишке жалаң эле саясый өңүттө карап келишти. Эмне үчүн 2010-жылы эле кытайлык ТВЕА компаниясы ТЭЦти модернизациялоо үчүн 200 млн. доллар сунушташып, анан 2013-жылы ал 386 млн. доллар болуп кеткени тууралуу таптакыр ооз ачкылары келген жок. Анын ордуна «Райым Матраимовду кызматтан алып койгону үчүн эле Сапар Исаковду куугунтуктап жатышат» дегенди тоту куштай кайталап отурушту. ТЭЦтеги коррупцияда С.Исаков менен Р.Матраимовдун ортосундагы мамиленин кандай катыштыгы бар эле? Экөөнүн маселеси таптакыр эки башка болуп жатпайбы. 

Демек, бизде эми саясатташкан адвокаттарга да баа бере турган учур келди окшойт. Көбүрөөк кыйкырып, долуланган эле адвокаттар миллиондогон «гонорар» алып жатышканын кантип жашырабыз? Алар үчүн акыйкаттык акча менен өлчөнүп жатат го? Мамлекеттин тагдырын, адилеттүүлүктүн баасын алар жеке финансылык кызыкчылыгы менен гана калчап калышканы өкүнүчтүү. Эми аларга карата коомчулук да каршы туруулары керек. 

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер