Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аялзаты туманды жиреп, кайгылуу турмушта күн кечирүүдө...

Аялзаты туманды жиреп, кайгылуу турмушта күн кечирүүдө...

07-март, 15:05
1 830 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ак көйнөк кийип турганым,

Айттырбай аза кылганым.

Ак сүтүмдү актады,

Азапты күтүп турганың.

Күйүтүң өзүм тартайын

Коогалаң болуп кетпесин,

Курманга сени чалайын!

Көргүсү келди баскынчы,

Кайгынын көлдөй болгонун

Өмүрүң кыска болсо да,

Өзүң ар-намыс коргогун.

Кайыр кош, балам, кайрылгыс…

Кут болсун шейит жолдогуң!

Курманжан датка энебиз калдайган эли үчүн, калдайган элинин каны төгүлбөсүн үчүн уулун ушинтип өлүмгө кыйды. Кеменгер энебиз, акылгөй энебиз элим деген, атажурт, мекеним дегенде жүрөктөрү жалындап күйгөн, калдайган калкы үчүн өлүмгө даяр баатыр уулдарды тарбиялады. 

Аттиң, бүгүн да энелер Курманжан даткадай кеменгер болсо, уулдарын мекенин, Ала-Тоосун, кыргызын сүйүүгө тарбияласа, эли үчүн кара жанын карч урган, эли үчүн ажалдан жалтанбаган баатыр уулдарды тарбияласа, элибиздин турмушу эчак оңолмок эле деген ойго келесиң. “Курманжан датка сындуу энелер көп болсо, бүгүнкү эл ырыскысын жеген жемкорлор, жеп-ичкичтер чыкпайт беле?.. Өз жерин кертип саткан эки жүздүүлөр жоголмок. Өз кызына асылган аңгилер чыкпайт эле... Өз энесин, өз бир тууганын өлтүргөн канкорлор өксүйт беле?.. Өз денесин саткан сойкулар мукурамак” деп арман кыласың. 

“Адам баласынын эң биринчи тарбиячысы – энелер” деп Оливер Голдсмит айткандай, адамзатка эң биринчи мектеп энелер эмеспи. “Биздин бүгүнкү тагдырыбыз, турмушубуз кечээки өткөн балалыгыбызга байланыштуу” деген бир даанышмандын сөзү бар. “Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың” деген жакшы макал бар. Айтор, эртең кандай адам болуп калыптанарыбыз үй-бүлөдөн, үйдөгү эненин тарбиясынан башталат экен. Бир ирет Кытайдан келген кыргыз кызы Женни Жеңиш кызы менен маектешип калдым. “Биз мындай болушубуз керек” деп аянттан кыйкырып чыгабыз. Фейсбук баракчаларынан акылдуусунабыз, бирок, өзгөрүүнү биз өзүбүздөн башташыбыз керек. Өзүбүз үлгү болушубуз керек” деген эле. Биз күн санап, саат санап жетилип келе жаткан уул-кыздарыбызга үлгү көрсөтүп жашашыбыз керек. Андыктан, аялзаты алыскы Орусияда, Түркияда же башка чет өлкөлөрдө эмес, керээлден-кечке базарда болбосун, же башка толгон токой үй бетин көрбөгөн оор жумуштарды айтпайлы, үй-бүлөсүнүн куту болуп, балдарынын маңдайында болушу керек. Алтын тарбиясын, мээримин балдарына арнап, ысык нанын жаап, ысык чайын кайнатып, кеменгер кебин айтып, жетилип келе жаткан кулунтайын адам кылууга алтын убактысын арнаса... 

Ар бир үй-бүлөдө атага, мекенге, табиятка ж.б. толгон токой нерселерге карата мындай учурлар көп кездешет. Атанын өз орду бар деңизчи, бирок, ошол учурда эненин сөзү, жол көрсөтүүсү эң чоң роль ойнойт. Ошол көз ирмемдерде эне уул-кызынын бүтүндөй турмушун, тагдырын да өзгөртүп салышы мүмкүн. Эне кеменгер, эне үйдүн куту болуп, үйдүн очогун бузбай, балдарын жаман жолго салбай, ар убак караңгыдан жол таап турушу керек. Бирок, энелер бүгүн кандай абалда?


Энесиз муздак үй, муздак турмушта...

Азыркы учурда энелердин мойнуна социалдык жүк көп жүктөлүп калууда. Союз убагындагыдай кам көргөн өкмөтүбүз жок. Ар ким азыр алды алдынан тал кармап, темселеп, көроокатын кечирип жаткан кез. Бүгүнкүдөй абалыбызда айрыкча энелердин мойнуна оор жүк түштү. 

Үй-бүлөлүк майда-чүйдө чыр-чатак ырбап отуруп, ажырашкан үй-бүлөлөрдүн саны жылдан жылга арбып барат. Мындай учурда, албетте, көпчүлүк учурда балдарын багуу жалгыз бой энелердин мойнуна түшөт. Ажырашпаган үй-бүлөлөрдө деле түйшүк энелердин мойнунда. Канча аял, канча эне эрдин кырча тиштеп, күйөөлөрүнүн, “ичтен чыккан ийри жылан” уулдарынын бекерпоздугуна, оройлугуна, кызыл камчылыгына чыдап, болгон түйшүктү моюндарына илип алып, экономикалык, психологиялык басмырлоого дуушар болуп жашап келишет.

Өпчап турмуш, күнүмдүк тамак-аш, кийим-кече, свет, суу дегенге төлөмдөр, балдарынын күнүмдүк жол киреси, мектептеринде сураган акчалар... Мына ушундай майда-чүйдө нерселерге кыйналып отуруп, энелер айласыз 5-6 айлык ымыркайын ар кимге бактырып жумуш издеп жөнөшөт. Ушундай көр оокат үчүн кенедей балдарын ар кимдин колуна таштап, мигрант болуп алыста иштеп жүргөн, көп кордук көргөн жүз миңдеген энелер бар. Үрүл-бүрүл таңдан түнгө чейин базарларда, дүкөндөрдө, тигүү цехтеринде иштеген жүз миңдеген энелер бар. Алар үйдүн куту болуп, балдарын мектепке узатып, күлүп-жайнап кайра балдарын тосуп албайт. Балдарынын биринчи тарбиячысы болушпайт. 

Энесиз муздак үй. Жалкы турмуш. Ырайымсыз күндөр... Эне мээримин көрбөй жүз миңдеген бөбөктөр чоңоюуда. Алардан эртең кандай адамдар чыгат? Коомубузда кимдер козголот? Анан энелер Курманжан даткадай кеменгер кебин айтпаса, эл үчүн күйгөн Камчыбектей баатыр, жүрөктүү уулдар кайдан жаралсын?! 

“Кайсы элден жүдөө көрсөң зайыпты,

Ошол элдин уулуна кой айыпты” дегендей, тилекке каршы, көп аялзаты бүгүнкү заманга байланыштуу бурганактуу турмушта. Караңгы, муздак, кайгылуу турмушта күн кечирип келет. Ал турмуштун айынан айрымдары өздөрү оорулуу. Айрымдарынын балдары оорулуу. Турмуштун түйшүгү жандарына батканда, жокчулуктан кыйналганда, өз жандарына кол салган шордуу энелер да жок эмес. Энелердин түгөнбөгөн түмөн түйшүгүн, көкүрөгүндөгү кайгысын намыскөй кыргыз уулдары бүгүн болбосо эртең жеңилин жерден, оорун колдон алаар, өкмөтүбүз ойгонуп, жашообуз оңолоор деген үмүттөбүз... 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер