Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Коррупцияга шектелип камалды” делген Улан Садалиев Москва районунун акиминин орун басары болуп отурабы?

“Коррупцияга шектелип камалды” делген Улан Садалиев Москва районунун акиминин орун басары болуп отурабы?

07-июль, 16:19
525 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
“Мекеним Кыргызстан” партиясынын талапкери Улан Садалиев ушул жылдын башында коррупцияга айыпталуу менен камалганы, бирок официалдуу маалыматтын чыкпаганы таңгалдырды эле го? Биз бул боюнча кызыгып, прокуратурага суроо жолдогонбуз. “Ак” же “көк” дешпей, унчукпаган маанайда кутулушкан. Бирок күч органдарындагы өздүк булактарыбыз кылмышка шектүү СИЗОго камалганын билдиришкеничи, кайда жашырабыз? Ошентип, убакыттын өтүшү менен жабылуу аяк жабылуу бойдон калган. Эң кызыгы, Улан Садалиев учурда Москва районунун акиминин орун басары катары иштеп атканы кандай? Айтор, чийеленген соболдор арбып кетти. Канча миң долларга кутулуп чыгып, кызматка секирди экен? Эске салсак, Садалиев убагында Новопавловка айыл өкмөт башчысы болуп иштеген. Кылмыш иштери мыйзамсыз жер сатууга байланыштуу болушу мүмкүнбү? Талкуу дагы уланса керек. “Шибегени капка ката албайсың” дечү эле...
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер