Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мындан ары тополоңду Максат ажынын сүрөөсү менен токтотобуз!

Мындан ары тополоңду Максат ажынын сүрөөсү менен токтотобуз!

22-май, 21:08
681 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коомчулук бир нерсени анчейин аңдаган жок. Эмесе баам салып көрөлү. 9-майда Ноокаттагы күрөштө жапырт мушташ чыгып кетет. Бул боюнча Максат ажы Токтомушев элге кайрылып, окуяны баяндап берди. Кармашта жыгылган жигит ызаланып, жеңишке жеткен балбанды күтүүсүздөн көтөрүп чаап жиберет. Натыйжада, күйөрмандардын кызуу кандуулугунан жапырт мушташ орун алат. “Токтогула!” деп Максат ажы башында кыйкырып, бирок угушпаганынан сүрөө окуп, жин-шайтандарды кубалап, ачууну басууга далалат жасаптыр. Бул боюнча ал атайын видео кайрылуусунда айтып берди. Ошондо милиция, арачалаган элдин да таасири жетпей, молдокебиздин кырааты менен окулган сөрөөсү тополоңду токтотуптур. Эки жаат болуп былчылдаша мушташкандар тып басылып, тынчып калганына баа бергиле. Кызык жыйынтыкка келип атабыз. Эгерде мындан ары тоз-тополоң чыкса, Максат ажынын сүрөөсүн пайдалансаңар болот экен. Баракелде!   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер