“Улут лидери катары Садыр Жапаров оппозициянын, интеллигенциянын башын кошуп, чоң жыйын өткөрүшү зарыл”


“Жаңы бийликтин келгенине эки жылдын жүзү болду. Кандай жетишкендиктер менен кемчиликтерди көрө алдыңыз? Өлкөбүздө жакшы жагына өзгөрүүлөр барбы?” деген собол таштадык.

Кемел Ашыралиев, коомдук ишмер:
-- “Өтө жакшы болуп кеттик” же “өтө жаман болуп кеттик” деп кесе айтыш кыйын. Ар нерсеге убакыт керек. Жакшы жагын айта турган болсок, мугалимдердин айлыгы арбын эле көбөйдү, бюджеттеги уюмдардын айлык акылары да өйдөлөп калгансыды. Пенсияны жогорулатуу жагын да караштырып атышат. Бу жагынан дурус катары баалап койсок болот. Кумтөр мамлекетке өттү. Коррупция менен күрөш токтогон жок. Бу жагы туура эле болуп атат. Бирок, айтып коюш керек, жасаган жакшы жактары көбүрөөк сүйлөнүп кетип атат. Жасагандарын апыртпай-сапыртпай, милдет кылбай, туруктуулук, салабаттуулук менен иштегенге жетиш керек. Президент “өзүм башкарам, жоопкерчиликти жеке мойнума алам” деди эле, демек, өзү тегиз тейлеп, жоопкерчиликти моюнга алуусу кажет. Биз “улуттук лидер келет бекен? Колу-жолу таза болобу?” деп күткөнбүз. Ушул жерден айта турган дагы бир нерсе, Акылбек Жапаров чынында күнү-түнү макро-микроэкономика жаатында, салыктын көбөйүшү, маянанын жогорулашы боюнча жандалбастап иштеп атканын калыстык үчүн айтып коёюн.
Эми бери жагына токтололу, кадрдык саясат өз жолун таппай аксап аткансыйт. Бүгүн кызматка коюп, эртең ала берген туруксуздуктан жаа бою качып, кадр тандоодо кызматкерге болгон мамилени өзгөртүү керек! “Эртең алып коёт” десе ким иштейт? Аймактык реформаны эртерээк кылып, болгону Нарын менен Баткен облусун калтырып, калганын жоюп, карлик райондорду бириктирсе болот. Канчалык өкмөттүк уюмдар көп болгон сайын, көрүнгөн тешиктен каражаттар агылып кете берет. Ушундай реформаны жасап, өлкөбүздүн экономикасын көтөрүү абзел, мен ошону күтүп атам.

Алмазбек Акматалиев, коомдук ишмер:
-- Эң негизгиси, Кыргызстандын жаңы багыты аныкталды. Саясый реформа жүрүп, президенттик башкаруу формасына өттүк. Ошол эле маалда Жогорку Кеңеш да өзүнүн кенен ыйгарым укуктарын сактап калды.
Экономикалык реформалардын башаты болуп, Кумтөр өзүбүздүн элибизге иштей баштады. Бюджетибиз 2-3 эсе көбөйүп, мугалим, врач, мамлекеттик кызматкерлердин, маданият тармагында иштегендердин маянасы кыйла көтөрүлдү. Руханий маселелер боюнча да чоң реформа башталды, Манас академиясы түзүлүп, дин тарыхы сабагы кирип, адеп-ахлак, ысырапкорчулукка каршы күрөш жүрүүдө. Конкреттүү инфраструктуралык долбоорлор да ишке аша баштады: Балыкчы–Кара-Кече темир жолу, Балыкчы–Каракол жолу, Бишкек шаарында 15ке жакын мектеп жаңыдан курулуп, алды ишке берилүүдө.
Ошону менен бирге бир топ кадрлар жаңы өкмөттү жаманатты кылып коюшту. Чек ара маселеси дагы деле чечилбей турат. Бишкекке таштанды иштетүүчү завод салынган жок, миграция маселелери дагы деле оор. Тыянак: эң туура багыт тандалып алынды. Бул улуттук кайра жаралуу багыты десек болот. Ал багыт оңой эмес, өтө татаал болот. Биринчи ийгиликтер бар, бирок каталар, алешемдиктер да орун алууда. Жасалган иштен жасачу иш кыйла көп. Андыктан ынтымак жана жигердүү эмгек керек. Стабилдүүлүк да абдан маанилүү.

Турсунбек Акун, укук коргоочу:
-- Бул бийликтин келиши менен жакшы жактары болбоду деп айта албайбыз. Эл аралык уюмдар, башка мамлекеттер ортосунда карым-катнашты күчөттү (Тажикстанды кошпогондо). Президентти дүйнөлүк коомчулук тааныды, бул чоң жетишкендик. Кумтөрдү өзүбүзгө алдык, канадалыктар кетти. Өмүр бою айлыгы көтөрүлбөгөн мугалимдер, врачтар, маданият кызматкерлери, укук коргоо органдары, мамлекеттик ишканада иштегендердин айлыктары кыйла көтөрүлдү. Бул деле оңой эмес. Кадрдык маселеде ротация, аттестация, сынактар жүргүзүлүп атканы да көңүл жылытарлык иш. Эң негизгиси, өлкөдө саясый туруктуулук бар. Эгер курч окуялар болсо, түз эле реакция кылып, кечээ Өзгөнгө барган сыяктуу иштерди айтсак болот.
Тилекке каршы, кемчиликтер да жок эмес. Эки жылдын ичинде эки жолу кандуу кагылышууга жол берип алды. Биринчисинде 36, экинчисинде 60тан ашуун жарандар шейит кетишти, бир канчасы оор жаракат алышты, көп үйлөр талкаланды, канчалаган көз жаштар төгүлдү... Биздин Башмыйзамда “баардык нерсеге бир адам жооп берет” деп жазылган, ал – президент. Чек ара боюнча компенсация маселесине бир да жолу токтолгон жок. Баткен жергесинде эки жолу чыр болду. Биздеги кыйраган тамдар, мектептер ж.б. имараттарды тажик тарап калыбына келтирип бериши керек эле. Жадагалса БУУнун бийик трибунасынан “тажик тарап агрессия кылды” деп гана койду, компенсациясы тууралуу да айта турган жөнү бар болчу. Бул да болсо бийликтин чоң кемчиликтеринин бири. Дагы бир кемчилиги: улут лидери катары Садыр Жапаров элдик форум, диалог, оппозиция-позиция дебей, интеллигенция жана башка уюмдардын баштарын кошуп, чоң жыйын өткөрүүсү керек эле. Маанилүү нерсе. “Канткенде экономикалык каатчылыктан, кымбатчылыктан, дагы башка тартыштыктардан чыгабыз? Согуш болуп атат, тополоң, бири-бирин өлтүрүп жатышса, ушундай кезде кыргыздар ким менен болот?” деп арай көз чарай масилеттешиш керек болчу. “Кустуризация” ишинде да катачылыктар болууда. Албетте, мамлекетти талап-тоногондор “кусуш” керек. Бирок, бир нерсе эске алынган жок: өтө чоң суммада чыгаша кылып, анын аз гана суммасын төлөп, камактан чыгып кетип атышат. Бул туура эмес.











