Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Динара Ошурахунова: «Биздин өлкөдө коррупция менен күрөшүү – саясый оппоненттерди куугунттукка алууга айланган»

Динара Ошурахунова: «Биздин өлкөдө коррупция менен күрөшүү – саясый оппоненттерди куугунттукка алууга айланган»

22-ноябрь, 13:15
1 208 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эми коррупция боюнча баардык иштерди башкы прокуратурада атайын түзүлгөн тергөө башкармалыгы карайт экен, мындан натыйжа чыгабы?  

-- Укук коргоо органдары, УКМК же башкы прокуратура болобу, реформадан өткөн жок. Бул жөн эле талаш-тартыш, кечээ АКС УКМКнын алдында болсо, бүгүн башкы прокуратурага өткөрүп берип койду. Прокуратурада дагы көптөгөн шектенүүнү, бүдөмүк ойду жараткан окуялар орун алганын баардыгыбыз билебиз. Мисалы, «прокуратурада иштеген айрым кызматкерлер ири көлөмдө акча алганы ачыкка чыгып, бирок кийин ал эмне болду? Азыр кайсы жакта, жазасын алдыбы, соттолдубу, канча жылга кесилди?» деген суроолор жоопсуз калды да. Бул органда мындай чуулгандуу окуялар өтө эле көп. Ошондуктан коррупция менен күрөшүү органы УКМКнын, ИИМдин же азыркы башкы прокуратуранын алдында болобу, маанилүү эмес. Бул тармактар өздөрү тазабы? Мындан тышкары, биздин өлкөдө коррупция менен күрөшүү – иштеп жаткан бийликтин саясый оппоненттерин куугунттукка алууга айланган. Негизги көзөмөл органы ушул бөлүмдү башкарып калса эле өзгөрүү болоруна ишенбейм, күткөн дагы жокмун. 

-- ИИМ, соттор жана башка мамлекеттик кызматка келген баардык адамдардын коррупцияга туруштук берүүсү боюнча психологиялык текшерүүдөн өткөрүү абалды оңой алабы?

-- Муну кантип аткарса болот экен? Аларды сынактан өткөрүшөбү? Ошол жерде жарандык коом менен бирге мурда-кийин коррупциялык иштерге аралашпаган (!) деп ар бир кызматкерди тандайбы же ошол эле прокуратурада иштеп жаткан, коррупциялык системага аралашып жүргөндөрдү эле кайра киргизип коёбу? Кеп ошондо. Тандоо, аныктоо критерийинин ачыктыгында, 100 миң долларлап пара алып жүргөн кызматкерлердин жазага тартылган-тартылбаганы белгисиз, анан кантип ошол мекеме коррупция менен күрөштү ачык-айкын, натыйжалуу жүргүзө алат? Ошондуктан маселе башкармалыкты түзүү процедурасында, эл үчүн ачыкпы, өздөрү тазабы жана анын курамына кимдер кирип жатканында. Коррупцияга каршы күрөшүү мурун УКМКда болгонда бул орган күчтүү болчу, эми башкы прокуратура таасирдүү болуп калат. Болгон айырма ушунда. Мен мисалы, АКСти берип койсо эле башкы прокуратура таптаза иштеп кетерине ишенбейм. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер