Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Базарбай Мамбетов: “Кумтөрдөн 261,7 миллиард сомду өндүрүү чечими эч качан аткарылбайт”

Базарбай Мамбетов: “Кумтөрдөн 261,7 миллиард сомду өндүрүү чечими эч качан аткарылбайт”

14-май, 11:23
2 256 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Экологияга зыян келтирген иштери үчүн Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд Компани» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261 миллиард 719 миллион 674 сомду өндүрүү чечимин чыгарды. Ишке ашабы?

-- Ооба, Сот Кумтөрдөн экологиялык мыйзам бузуулар үчүн 261,7 миллиард сом өндүрүү чечимин чыгарды. Бирок, бул чечим эч качан аткарылбайт. Ал жөн эле биздин элдин маанайын, көңүлүн убактылуу бөлүп туруу үчүн жасалган иш. “Аткарылбайт” дегендин себеби бар. Анткени 2009-жылы 24-апрелде Канаданын компаниясы менен биздин өкмөт “Кумтөр” долбоорун иштетүүнүн жаңы шарттары деген келишим түзүлгөн. Аны болсо 30-апрелде Жогорку Кеңеш бекиткен. Ошол жерде баары жазылган: “Биздин Кыргызстан эч качан Кумтөр боюнча Канаданын компаниясына нааразы болуп, сотко, эл аралык уюмдарга кайрылбайт, кайрыла албайт” деп жазылган. Ошон үчүн Кумтөрдүн тагдырын башкача чечиш керек. Кантип чечсек болорун чечмелеп, өкмөткө сунуш киргиздим. Алар азыр ойлонуп, карап жатышат. Эң негизгиси 1997-жылдан бери Канаданын компаниясы биздин алтынды чыгарып кетүүдө. Бирок, чыккан алтындан келишим боюнча бизге болгону эле 13% үлүш калтырып жатат. Бул эми 24 жылдан бери уланып келүүдө. Мындан ары бул каргашалуу окуяны улантууга болбойт. Биздин өкмөт, биздин коомчулук бир жыйынтыкка келиши керек да. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер