Акыркы кабарлар
» Коом » Коронавируска чалдыккандар үйгө чыгарууну суранып жатышат
Коронавируска чалдыккандар үйгө чыгарууну суранып жатышат
18-март, 18:45
1 316 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Учурда коронавирус жуктурган үч адамдын дене табы туруктуу. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков бүгүн, 18-мартта өкмөттөгү кезектеги брифингде билдирди.
«Алар жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган жок. Учурда дарыгерлер гана көзөмөлдөп жатышат. Бейтаптар жөтөлбөй, саламаттыгы жакшы экенин айтып, үйгө чыгарууну суранып жатышат. Бирок, биз аларды 14 күн кармашыбыз керек. Он үчүнчү күнү анализ алынып, эгер оору чыкпаса, аларды үйлөрүнө жөнөтөбүз» деди Исаков.