Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабыр Муканбетов: “Күнөөнү президенттен эмес, ал тапшырма берген тараптан издейли...”

Сабыр Муканбетов: “Күнөөнү президенттен эмес, ал тапшырма берген тараптан издейли...”

08-июль, 11:02
1 828 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Орхан Инанды Түркия бийлигинин колунда экени маалымдалгандан кийин биздин бийликке карата сындар жаап, президентке импичмент жарыялоо керек экенин айтышууда. Мунун артынан бийликти басып алууга аракеттер да болору болжонууда. Буга сиздин пикир кандай?

-- Түрк президенти Реджеп Тайип Эрдогандын билдирүүсүнөн кийин будуң-чаң болуп эле калдык... Түркиянын атайын кызматы өз билгенин кылып, биздин өлкөнү, мыйзамдарыбызды көзгө илбей, атайын операция жасап, жараныбызды уурдап кетиши – Кыргызстандын эл аралык аброюна чоң сокку болду. Бул окуядан кийин айлана-тегерегибиздеги мамлекеттер биз тууралуу кандай ойдо болот? “Буларда намыс деле жок, мамлекет деле эмес, “проходной двор” экен, прецедент деги болду” дешип, “өз билгенибизди кылып, кирип-чыгып, тебелеп-тепсей берсек болот” деп ойлошот да.

-- Президентке кескин түрдө катуу сындар жаады го? Реалдуу элеби, же аша чапкандыкпы?

-- Ушундай жорукка жол берген бийликке сындар айтылууда. Президент Садыр Жапаров да жоопкерчиликти туура түшүнүп, убагында тийешелүү тараптарды чакырып, кеңешме өткөзүп, тапшырма бергенин айтты. Демек, бул маселе боюнча жоопкерчиликти алгысы келбейт. Андыктан күнөөлүүнү башка жактан, ал тапшырма берген тараптардан издеш керек...

-- Саясый күчтөр тарабынан кырдаалды козутуу, атургай президентке импичмент маселеси да көтөрүлдү. Чырга айланып кетпейби?

-- Президентке импичмент жарыялоону сунуштап жаткандар шашылыш, көзү ачыктардай эле аракеттенүүдө. Анткени, азырынча “президент өзү салып берди дегендерине эч далил жок. Бирок, жооп бере турган – козел отпущения дайындоо учурунда ич-ара чырдан жаңы жагдайлар ачыкталып, импичмент маселеси реалдуулукка айланып кетиши мүмкүндүгүн айтышууда. Мындай жагдайда бийликти алмаштырууну колдогондор кескин арбып кетсе, экономикалык абал, пандемия шартында саясый туруктуулукту сактап калуу кыйын болору талашсыз. “Күздө кырдаал катуу болот” дегендер ушундай өңүтүнөн божомол кылып атышса керек...


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер