Иниси Асылбекке болушпай, страусча башын каткан Сокеге баары таңгалууда
Кумтөр иши боюнча Асылбек Жээнбековдун камакта жатканына жарым жылдан ашты. Күнөөсү бар же жогун эч ким билбейт. Тергөөнүн кандай нукта өтүп жатканынан кабарсызбыз. Мезгил гана ак же карасын аныктайт эмеспи. Эми бул жагы келечектин иши. Биздин таңгалганыбыз: Асылбек Жээнбеков бир канча айдан бери абакта жатса, агасы Соке бир ооз сөзү менен коргоп, калыс маанайда билдирүү кыла албаганы кандай? Ушунча да шөмтүрөк, коркок беле? Инисине болушса бийлик деле түшүнмөк да. “Адамгерчилик кылып атат” деп. Тескерисинче, Акүй-Көкүйдөгү лөктөр да “тормоздугуна” баш чайкап жатышыптыр... Айтор, Сооронбай Жээнбеков страусча башын жерге тыгып, жалпы элибизге жаман үлгүнү көрсөттү. Өз башы менен кетсин! Бирок, буга чейинки айтылып, жазылып келаткан каз катар кылмыштары үчүн эртеби-кечпи жоопко тартылабы? Камакка алынабы?..
"Азия Ньюс" гезити