Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Замирбек Сыдыков: “Трайбализмди азайткан ротация – мамлекет үчүн туура кадам”

Замирбек Сыдыков: “Трайбализмди азайткан ротация – мамлекет үчүн туура кадам”

03-июль, 08:15
1 949 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакынкы эле күндөрү президент Садыр Жапровдун буйругу менен ротация жолунда бир топ акимдер орун алмашты. Бул тууралуу Аксы районунун акими Замирбек Сыдыковго суроо узаттык.

-- Талас жергесинен Аксыга бардыңыз. Эки райондун айырмачылыгы кандай? Ротациянын натыйжасын байкадыңызбы?

 -- Садыр Нургожоевичтин буйругу менен өлкөбүздөгү баардык акимдер ротация болду. Талас районунан Аксы районуна которулуп келгениме бир айдын жүзү болуп калды. Эки райондун бир топ айырмачылыгы бар: жашоо шарты, жердин түзүлүшү, экономикалык көрсөткүчтөрү, социалдык-экономикалык багыттары башкачараак экен. Ошол себептен   жергиликтүү программаларды кабыл алып, алдыга план түзүп жатабыз. Ротация – мамлекет үчүн туура кадам. Өз жериң тааныш болсо, башка районго билбей келет экенсиң. Экинчиден, уруучулук, бөлүнүүчүлүк, трайбализмди жок кылуу маселесине келгенде, ротациянын натыйжасы байкалат. Эми эң негизги максатыбыз мамлекетке кызмат кылуу болгондон кийин, эң чоң талаптар Аксы районун өнүктүрүү болуп эсептелет. Буга иш-пландарды коюп, кадамдарды жасап жатабыз.  

-- Аксы чоң райондордун бири. Кандай көйгөйлөрү сизди түйшөлтүүдө? Суу маселеси кандай болууда?

-- Эң чоң көйгөйлөрдүн бири – социалдык-экономикалык өнүгүүнү конкреттүү пландоо, ишке ашыруу, беш жылдык стратегиялык багыттарды кабыл алуу. Ошонун негизинде иш жүргүзүү. Мен негизги эки нерсени көрүп жатам. Социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча биринчи сугат жерлерин көбөйтүп, сууларды үнөмдөө менен тамчылатып сугарууну жайылтуу. Бозбу тоонун түштүк жак бетинде баары куурап калган экен. Ал эми түндүк тарабына бак-дарактарды көбөйтүү зарыл. Аксы жергеси кара өрүктүн мекени. Ошондуктан заводдорду, логистикалык борборлорду куруу – учур талабы. Экинчи багыт – туризм. Туризм боюнча шарттарды түзүү зарыл. Ал эми сугат маселеси боюнча бүт аймактарда көйгөй чоң. Бир жагынан кургакчылык, бир жагынан суу түтүктөрүнүн эскилиги да көйгөй жаратпай койбойт. Үчүнчү маселе – көмүр маселеси, кен маселеси. Ошолордун лицензияларын мыйзамдаштырып, керектүү багыттарды айыл өкмөттөрдүн бюджеттик маселесине көбүрөөк акча түшүрүп, социалдык пакеттерди көбөйтүү. 

-- Келерки жылдын  түшүмү, кирешеси кандай болчудай?

-- Негизинен Аксы районунда бир жылдык пландар кабыл алынчу экен. Азыр беш жылдык планды түзүп жатабыз. Атайын убакыт менен индикаторлорду, реалдуу кадамдарды коюп, тынбай эмгектенүү гана зарыл.

Ал эми аткаруу жагына келгенде, Аксы районунун баардык жетекчилеринин, айыл өкмөттөрүнүн ынтымагы керек. Ынтымак болсо буюрса жакшы тилектер жүзөгө аша баштайт. “Жаздын бир күнү жылга тете” дегендей, азыр күзгү түшүм үчүн күрөшүп жаткан учур.  


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер