Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Блокпосттогу милиция кызматкерлери мас болуп кармалыштыбы?

Блокпосттогу милиция кызматкерлери мас болуп кармалыштыбы?

04-апрель, 21:46
3 784 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Буга чейин Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин кызматкери жарандарга пропуск сатып жаткан жеринен колго түшсө, Свердлов РИИБнин опери сойкуларды ташып жүргөнү чуу жаратты эле го? Адатынча ИИМ актанууга өткөнүн окуганбыз. Өзгөчө абал учурунда кедеринен кетишкени кандай?

Мындай жосунсуз жоруктарга улай дагы бир шашылыш кабар айтылды. Тилекке каршы, карантиндин шартына жараша колубуз кыска болуп аткан соң, министр Кашкар Жунушалиевге тикелей суроо жолдойлу: ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын үч опери блокпостто кызмат өтөп жатышканда арак ичип алышып, Чүй облусунун аймагынан кармалышканы ыраспы? “Жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын” дегендей жашыруубу? Учурда ИИМдин ички иликтөө кызматында тымызын териштирүү жүрүп жатабы? Улам эле “кызыл шапкечендер” кылмышка шектеле беришсе, эл эмне дейт?..

Министр мырза, бул суроолорго жооп бересизби, же унчукпай кутуласызбы?..


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер