Токтогул Какчекеев, саясат таануучу: “Россия биздин элге өтө керек экенин тарых далилдейт”

-- Токтогул агай, 9-май Улуу Жеңиш күнү, Москва... Жакшы көрүнүштөр өттү. Мындан ары Россия менен Кыргыз мамлекетинин алакасы кантет?
-- Мына үч жылдан бери Россия Федерациясы Украина жергесинде атайын аскердик операциясын өткөзүп жатышат. Миллиондон ашык аскер набыт кетти, дагы эле каршылык уланууда. Өзгөчө Евробиримдик өжөрлөнүп, “Зеленскийди колдойбуз” деп аныгын айтып жатышат. Эгерде Ата мекендик согуш төрт жылдан ашса, булардыкы үч жылдан ашып баратат. Демек, Совет доорундагы шарт менен азыркы эгемендүү Россияны салыштыруу мүмкүн эмес. Мурунку 15 союздук республикадан жардам көрүлбөй, аны баарыбыз баамдап турабыз. Патриоттук сезим деңгээлдүү түрдө жок. Мына ушундай абалда Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын өткөзүү, анын геосаясатта зарылдыгын көрсөттү. КМШда конкуренттик келишпестик, куралдуу кармаштар көз алдыбыздан өттү. Демек, “фашизимге каршы биз бир болгонбуз” деген жолдо ушундай чоң аскердик парадды дүйнө жүзүнө даңазалуу маанайда тартуулашты. Россиянын максаты – биримдикти улантууга чакырык таштагансыды. Албетте, 9-май майрамынын алдында мигранттарга мыйзамсыз асылгандарды байкадык. Улутчул ГосДуманын депутаты П.Толстой жана башкалары “мигранттарды сүрүп чыгарабыз” дегенге чейин барышты. Бирок, РФ президентинин Кызыл Аянтта айткан сөздөрү евроазиялык мурунку союздан калган биримдикти сактап калуу тууралуу билдирди да. Россия биздин элге өтө керек экенин тарых далилдейт, биздин президент Садыр Жапаров келечекке көз салып, Россия менен тыгыз байланышты бекемдей турган аракеттерди кылып келүүдө, бул туура саясат. Ким болбосун кыйын учурда жардам көрсөтсө, ал унутулбайт. Эгерде улуттук кызыкчылыкты эстен чыгарбасак.