Акыркы кабарлар
» Саясат » Талант Мамытов коронавирустан айыгып, ишин баштады
Талант Мамытов коронавирустан айыгып, ишин баштады
07-июль, 19:56

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов коронавирустан айыгып жана бүгүн, 7-июлда парламенттин жыйынына келди.
Эскерте кетсек, төрага Бишкектеги атайын бейтапканада дарыланды. Буга чейин Талант Мамытовдон жана Жогорку Кеңештин бир нече аппарат кызматкерлеринен COVID-19 вирусу аныкталган.
Бүгүн депутаттар кезексиз жыйынга чогулушту.