Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Таалатбек Масадыков вице-президент боло алабы?

Таалатбек Масадыков вице-президент боло алабы?

24-июль, 10:46
2 397 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары болуп дайындалган Таалатбек Масадыков мырзанын келишин элдин баары эле жылуу кабыл алды. Бул агабыз көптү көргөн, эл аралык чөйрөдө чоң тажрыйба топтогону чын. Эми ошол билимин кыргыздын кызматына пайдаланса, баарыбыз сүйүнөбүз. Тилекке каршы, анын ийгиликке жетерине күмөн көп.  Кыргыздын генералитети азыркы кезде эч кимди тоготпой тургандай. Масадыков мырза тез эле шайы ооп, адаттагыдай даттанып, Акүйдүн эшигин тарс жаап кетип калабы (?) деп көпчүлүк күтүүдө. Дагы кайсы бир билермандар ал мырзаны вице-президент даражасына чыгарып, “бул киши орустардын ишенген адамы, жакында баардыгына көрсөтөт, тартип орнотот” деп да үмүттөнүшүүдө. Эмнеси болсо дагы Таалатбек Масадыков мырзага ийгилик каалайбыз, президенттин тегерегинде таза жана компетенттүү инсандар өтө эле аз, жардамга муктаж. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер