“Рендж Ровер” чуусу... Калыкеевдин кызматтан кетиши, Абжалиев менен Козубаевдин кер-муру

Жакында ноокаттык ишкердин кымбат баалуу “Рендж Ровер” автоунаасын уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү карактап кетишип, чоң резонанс жаралган. Ээсин катуу сабашып, Казакстанга чектеш Ысык-Атанын талаасына алып барышып, колу-бутун таңуу менен сууга ыргытканы жатышканда мал кайтарган адам көрүп калып, милицияны чакырып, аман алып калбадыбы.
Ал эми жолтандабас Ош шаарына бир түндө жетип, олигарх Алиярбек Абжалиевдин бир тууган иниси Алмазбектин үйүнүн жертөлөсүнөн табылып атат. Бул прокурор кызматкери экен. Милициялар кармоого барышса, “Рендж Роверди” айдай качып, айласы куруганда Ош ШИИБге барып такалып атпайбы. Ал жердеги тааныштарына таянып, автоунааны милицияга өткөрүмүш болуп, “жылт” коёт. Алмазбек Абжалиевдин айтымында, ага “Рендж Роверди” бир таанышы бериптир, “сенде туруп турсун...” деген таризде. УКТ мүчөлөрү автоунааны Бишкектен жулуп кетишип, алпарып беришсе, мындай шектүү көрүнүшкө эмнеге укуктук баа берилбейт? Ушинтип эле тынчып калабы, же башкы прокуратура кадрын калкалап атабы?..
А баса, бул кылмыш иштин ачылышына полковник Алымжан Козубаев себепчи болгонуна азыноолак токтололу. Агездеги Ысык-Ата РИИБ начальниги Нурбек Калыкеев менен сүйлөшүп, оперлерди УКТнын артынан сая түшүрүп, үчөөнү карматып, дагы калганын колго түшүрөрдө прокурор Алмазбек Абжалиевдин аралашып калганын карагылачы? Ошентип, иш чаташты. Бирок бул убактылуу эле тыныгуу. Анализи күчтүү Алымжан Козубаев жердин түбүнөн болсо да чукуп чыгышы мүмкүн. Анүчүн укук коргоо органдары жардамдашуусу керек. Айтмакчы, Нурлан Калыкеев аркылуу кылмышкерлерди издете баштаганда, параллелдүү түрдө ЖМКларга да маалымат берип, коомчулукту түп көтөрүүгө Алымжан Козубаев жараган. Ишбилги адам кызматсыз отурса да чындыкка жетүү үчүн жол чаба билет тура.
Жыйынтыгында эмне болду? Тилекке каршы... Кылмышка шектүүлөрдүн жарымы кармалган жок. Ысык-Ата РИИБ начальниги Нурбек Калыкеев кызматтан алынды. Прокурор Алмазбек Абжалиевдин агасы Алиярбек кызыраңдап, Алымжан Козубаевге телефон чалыптыр, “эми ушундайыңды койбойсуңбу?” деген мааниде. Ачууланган Алымжан аке “сени да бандиттер тоносо жардам берем, экинчи мындай ишке аралашпай жүр! Кудайдан коркпойсуңбу?!” деп ордуна коюптур. Ошондо сенсацияга айланган кылмыш иши жарым-жартылай ачылып, тийешелүү органдар тереңдеп кире алышпай, кайдыгер карап калыштыбы? “Рендж Ровердин” ээсине кайрадан коркунучтар жаралбайбы? Бул жагынан укук коргоо органдары кепилдик беришпесе, эртең дагы жамандыктын коңгуроосу кагылбайбы? Айтор, түйүнү чечилбеген суроолор арбын.