Мавлян Аскарбеков, оппозиционер: “Эл нааразы болуп жатса, казынаны триллионго жеткиргендин мааниси жок”
-- Салыктардын түрүнө түрдүү нааразычылыктар айтылып келет. Өкмөт ИДПнын бир топ пайызга көтөрүлгөнүн белгилеп айтып кетти. Бул маселелер боюнча оюңду уксак?
-- Салыктардын көп жыйналып жатышына, алардын түрүнө, ККМге жана башка нерселерге нааразылыктар көп болууда. Коомчулук өкмөттүн “экономика, курулуш, билим берүү, саламаттык сактоо, транспорт жаатында мындай жеңилдиктерди киргизип, кандай реформа жасады?” деп талкуу кылган жери жок. Салык темасы сөз болуп, “Дордой митингге чыгыптыр, булар нааразылык билдириптир” деп келдик. Өкмөт кечээ “ички дүң продуктуну 1 триллионго жеткирип койдук” деп мактанып жатат. Элдин арасында нааразылыктар болуп жатса, казынаны триллионго жеткиргендин мааниси эмнеде? Элдин терисин тескери сыйрып, салыктарды көтөрүүнүн кажети кандай? Менимче, алгач кеминде Грузиядагыдай реформаларды жүргүзүп, элге шарт түзүп, анан салыктарды көбөйтүү керек болчу. Алар “бул бар салыктар, аны төлөгөндү эл билет” деп келатышат. Салык мекемеси укмуштай медиа-пропаганда жасап, “ККМ чек талап кыл!” деген чоң акция өткөрүшүүдө. Бирок ошол эле маалда салыктарды төлөөдө кирген өзгөрүүлөрдү көп жарнама кылышкан жок. Ошол эле мүлктү жана унааны сатууга коюлган 10% киреше салыктарына талап күчөгөнүн бир сыйра эскертип айтыштыбы? “Мына мобу датадан баштап үйүңдү сатсаң мынча, машинеңди сатсаң тигинче төлөйсүң” деп айттыбы? Жок. Эл болсо же документтерди бүткөрүүгө барган учурда угуп жатат, же салыкчылар бир нече жылдан кийин чалган соң гана угууда. Бул ачык эле элди тоноо болуп калып атпайбы...
"Азия Ньюс" гезити