Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанда бензиндин баасы дагы кымбаттайбы?

Кыргызстанда бензиндин баасы дагы кымбаттайбы?

17-август, 11:53
440 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

16-августта Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Кеңешбай Тайлаковреспубликанын күйүүчү-майлоочу майлар рыногунун негизги операторлору менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда баалар, жеткирүүлөр, көйгөйлүү маселелер жана рынокто бааларды тегиздөө боюнча мындан аркы чаралар талкууланды.

Анда нефтетрейдерлер баанын көтөрүлүшүнө байланыштуу россиялык мунайды кайра иштетүүчү заводдорунун дизелдик отундун экспорту кыскарып жатканына тынчсыздануусун билдиришти.

Нефтетрейдерлердин айтымында, жыл башынан бери дизель отунунун сатуу баасын тоннасына 600 АКШ доллары, АИ-92 бензинине 370 АКШ доллары деңгээлинде жогорулатуу белгиленген. Ал эми акыркы бир айда россиялык мунай кайра иштетүүчү заводдорунун дизелдик отундун дүң баасын жогорулатуу тоннасына 300 АКШ долларын түздү.

Жолугушууда нефтетрейдерлер дизелдик отунга ички бааны көтөрүү зарылдыгын айтышты.

Буга байланыштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы ыйгарым укуктарынын чегинде өткөн кеңешменин жыйынтыгы боюнча нефтетрейдерлерге төмөнкү сунуштарды берди:

- бааларды кармап туруу, алардын баа саясатын турукташтыруу боюнча бардык мүмкүн болгон чараларды көрүү;

- күйүүчү-майлоочу материалдар рыногун толтуруу жана мунай продуктуларынын тартыштыгынын пайда болушуна жол бербөө үчүн зарыл резервдерди камсыз кылуу;

- КРнын “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамынын талаптарын так аткаруу;

- май куйуучу жайларда КММ толук толтурулбагандыгынан улам көзөмөлдү күчөтүүгө жана керектөөчүлөрдүн укуктарын бузууга жол бербөө;

- рынок конъюнктурасы өзгөргөн учурда алдын ала чараларды көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу менен Монополияга каршы органга кайтарым байланышты камсыз кылуу.

"Жогоруда айтылгандардын негизинде иш-чаралардын комплекси иштелип чыгып, КР Экономика жана соода министрлигине жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер