Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаңы жылда шампан ичип, сүйлөшсөк болобу?..

Жаңы жылда шампан ичип, сүйлөшсөк болобу?..

10-декабрь, 18:14
1 853 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Кайыргүл Урумкановага!)

Сизди КТРге гендиректор болгонуңуздан бери билем. Ошондо эле адам катары жагып калгансыз. Билимдүү, принципиалдуу, ишиңизге тыкан жана адамгерчиликтүү сапаттарыңызды баалайм. Чамасы он жылдай өтүп калды го, бир ирет сүйлөшкөн элек. Жумуш боюнча. Андан кийин кезигишкен жокпуз. Мен деле жанталашып, сизге кайтып барууга ашыкпадым. Тек гана ичимен колдоп, симпатия кылып, өз алдымча жашап жүрөм. А убакыт деген учкан куш сымал зымырайт. Көз ачып жумгуча кырктан да ашып кеттик. Сезимдер болсо баягыдай жаш, аруу бойдон кала берет экен. Чындыгында сиздин жеке жашооңузга кызыккан жокмун. Бойдок айым катары кабыл алууну туура көрдүм. Көп нерсеге баш оорутканда эмне? Андан көрө жаңы жыл астында жолугушуп, шампан ичип, азыноолак сүйлөшсөк болобу? Биринчи ой жаралса, ал ишке ашышы мүмкүн. Ынак достордой, жандүйнөнү тереңинен түшүнгөн жөн эле жакшы адамдардай мамиле кылсак э?..


Каниет 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер