Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жанар Акаев, ЖК депутаты: “Мэрлерди эл шайласа чыныгы күчтүү менеджерлер келишмек”

Жанар Акаев, ЖК депутаты: “Мэрлерди эл шайласа чыныгы күчтүү менеджерлер келишмек”

28-октябрь, 18:30
634 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жанар мырза, мэрлерди эл шайлашын сунуштап атасыз. Эмне үчүн алар шайланышы керек деп ойлойсуз?

-Менин эсебим боюнча, 2020-жылдын октябрынан бери азыркы шаар башчы он биринчиби, же он экинчиби мэр. Тынбай алмашууда. Бир күн иштеген, башкача айтканда, үйүнөн эртең менен мэр болуп чыгып, кечинде мэр болбой келгендерди көрдүк. Мен Түркиянын шаарларына бардым да. Керек болсо Москвада деле мэрди эл шайлайт. Талапкерлер чыгып алып программасын айтышат. Бизде болсо жөн гана дайындап коюп атышпайбы. Програмасы жок. Шайлоого өтсөк, ошондо чыныгы күчтүү менеджер шайланмак. Алар кышында ыш маселесин жоготом, автотыгын көйгөйүн тигинтип чечем деп өздөрүнүн программаларын айтмак, башаламан курулуштарды сен антип чечсең, мен минтип салам” деген кызыл чеке талаш-тартыштар жаралмак. Эл ошолордун баарын көрүп туруп, күчтүүсүн шайламак да

Министрлер кабинети мэр бизге баш бербей коёт деп чочулайт окшойт. Андай эмес. Анын рычагдары толтура, шаардык кеңеш деген бар. Ошон үчүн мэрди эл шайлаганы туура болмок. Мен момуну кылдым деп элге отчет бермек. Азыр элге отчет бербейт да. Мен Жунушалевди жаман мэр деген жокмун, тек гана, эл шайласа адилеттүүлүктү көрмөкпүз. Стамбулда, Анкарада, Измирде оппозициянын өкүлдөрү утуп алды. Бул демократиянын белгиси эмеспи

-Мыйзам долбоорун демилгелесеңер болбойбу?

-Биз төрт-беш ай мурун мыйзам даярдап, комитет колдоп берген. Пилоттук долбоор катары адегенде Бишкекте көрүп, анан ийгиликтүү болсо башка шаарларга өтсөк деген ой эле. Бирок, жалпы жыйындар залынан өтпөй калды. Анткени, министрлер кабинети, БШК каршы чыкты, “акча кетет деп. Биз муну кайра алып чыгабыз. Азыр депутаттар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер