Дос жөнүндө дастан, же Матисаковдун журналистикадагы чеберчилиги


“Кыргыз туусун” (1927-жылга чейин “Эркин-Тоо”) көз карандысыздыктан кийинки мезгилде эң ийгиликтүү жетектеген башкы редактору Абдиламит Матисаков болгонун чыгаан журналист, көп жылдар бою ал басылмада иштеген, аны студенттик кезден бери жакшы билген Мундузбек Тентимишов “Жүрөгүндө күн жашайт” деген китебинде өзгөчө өңүттө ачып берген.
Мундузбек досум өзгөчө профилдеги журналист, аны гезитчи дебей эле кийиз китепчи-летописчи десе болот. Ал учурга карата Кыргызстандагы тарыхый урунттуу окуяларга, белгилүү адамдарга арналган 50гө жакын китеп чыгарды. Алардын баарын бириктирип, бир теманын алдында “Мундузбекнаама” десек жаңылбайбыз. Анткени, анын жазгандарында өлкөбүздүн тарыхы, маданияты, чыгаандардын өмүр жолдору чагылдырылып келатат.
Ал китептеринде жазган бейнекерлеринин баардыгынан Абдиламит досумду жакшы билет. Биз филологияда болсок, экөө журналистикада беш жыл бирге окушту. “Ленинчил жашта” бирге иштешип, мени колдорунан келишинче колдошту, сүрөмөлөштү. Анан “Кыргыз туусунда” бирге иштешти, аларга кийинчерээк мен кошулдум. Ток этерин айтканда, Мукем китебинин каарманын сырттан эмес, ичтен ийне-жибине чейин жакшы билет. Абыкебиз алгач таланттуу гезитчиден республикадагы абройлуу басылманын башкы редакторлугуна, өз стили, ыргагы жана көрүп-чагылдыруу ыгы бар жаш жазуучудан Кыргыз эл жазуучусуна чейин жеткен эволоюциялык байсалдуу жолу анын көз алдында өттү. Ал анын аталган китебинде өзгөчө симпатиялуу маанайда ачып берилген. Чындыгында ыклас кылган достор жөнүндө башкача маанайда жазганга да мүмкүн эмес.
Кыргызстандын тарыхында өлкөбүздүн башкы окуу жайында журналистика бөлүмү 1950-жылдардын аягында биринчи жолу ачылып, он жыл өтпөй жабылган. Экинчи ирет ал СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде 1974-жылы ачылып, ошондон бери өнүгүп өсүп келүүдө. Азыр өзүнчө факультет. Келерки жылы анын кайра жаралганына 50 жыл болот. М.Тентимишов менен А.Матисаков мындан 49 жыл мурда ага тапшырып, анын биринчи бүтүрүүчүлөрүнөн болушкан. Улуттук журналистикабыздын өнүгүшүнө бараандуу салымдарын кошушкан Эсенбай Нурушев, Абдыкадыр Султанбаев, Таалайбек Темиров, Абдимухтар Абилов, Алтын Асанова, Гүлмайрам Саалаева да алардын курсташтары. М.Тентимишовдун китебинде Токтосун Мамбетсариев, Мукай Сасыкуловдой агайларынын гана эмес, жогорудагы айрым курсташтарынын инсандык, калемгерлик өзгөчөлүктөрү жылуу маанайда сүрөттөлгөн. Деги эле Мундузбектин калемгерлик стилине каармандарына берилүү, сүйүү менен мамиле жасоо мүнөздүү болуп саналат.
Ошентип, Мукебиздин китеби эл жазуучусу, чоң журналист Абдиламит Матисаковго арналганы менен улуттук журналистикабыздын урунттуу учурларынын баары камтылган. Демек, аны журналистика боюнча окуу китеби катары пайдаланса да болот.
Романтикалык мезгилдер
“Китеп жазсак, басылсак, таанылсак” дегенде ак эткенден так этип, жүрөктөрү романтикага толгон жаштардын студент, айрымдары студенттикке кандидат болуп университеттин эшигин аттап, анан “планга кирбей калыптыр, журналистиканы филологияга кошобуз” дегенде ортолорунан акча чогултушуп КПСС БКнын экинчи адамы, идеология боюнча катчы М.А.Сусловго телеграмма жөнөтүшүп, анын кийлигишүүсү менен жоюлбай калганы, А.Камилов, Т.Мамбетсариев, М.Сасыкулов сыяктуу эстен кеткис окутуучулар, андан кийинки гезиттерде иштеген жылдар, өздөрү акын болушса да жүрөктөрү гезитчи бойдон калган Т.Үмөталиев, К.Осмоналиев сыяктуу залкарлар, Абдиламиттин Сүймөнкул Чокморовдун бейнесин жаңыча ачканы, “Кыргыз туусунун” чыгаандары, Абыкебиздин инсандык сапаттары, ага арналган ырлар, дагы башка ушул сыяктуулар баяндалат. Кандай окуялар жөнүндө айтылбасын алар А.Матисаковдун адамдык, журналисттик жана жазуучулук сапаттарынын тутумунан каралып, тереңирээк ачып берүү үчүн пайдаланылган. Биз китептен улуу-кичүүгө үйрүлүп түшүп, бирөөлөргө жакшылык кылсам дегенде шашып турган, гезиттик ишти уюштура да, жаза да, таланттууларды көрө билип, дайыма аларды колдоп сүрөгөн, эсселери, аңгеме-повесттери гана эмес, жандүйнөсү да жазгы күндөй күнөстүү инсандын бейнесин көрөбүз.
Абыкебиз жаш журналисттердин мектеби болгон “Ленинчил жашта” кабарчы, жооптуу катчы, республикадагы башкы партиялык басылма “Советтик Кыргызстанда” бөлүм башчы, Журналисттер союзунун төрагасынын орун басары, “Кыргыз туусунун” башкы редактору, УТРКнын президенти, президенттик администрациянын мамлекеттик органдар бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп, 90-жылдардын ортосунда “Кыргыз туусуна” кайра келди. Ал экинчи ирет башкы редактор болгондо гезиттин бир жолку нускасы 1,5-2 миңге түшүп, карыздары көбөйүп, эптеп күн өткөрүп жаткан.
“Гезиттин алты айлык акчасы болбосо, уйкум келбейт”
Мен ал убакта иштеген эмесмин, 2003-жылдан бери жагына гана күбөмүн, мен бул жерде айтайын дегеним, А.Матисаковдун уюштуруучулук жана менеджерлик жөндөмү да күчтүүлөрдөн экенине күбөмүн. Ал башкы редактор болуп турганда “Кыргыз туусунун” акырындап бир жолку нускасы көбөйүп отуруп, 21 миңге чейин жетти. Ошол учурда гезит бир жумада эки ирет чыкчу: шейшембидегиси 16 бет болсо, жума күнкүсү 24 бет эле. Материал өтө көбөйүп кетсе, же саясый, социалдык маанилүү окуялар болсо, айрым сандарынын көлөмү 32 бетке чейин жетчү. Ал убакта “материал жетишпейт” дегенди укпадым, көрбөдүм. Өзгөчө тарыхый, маданий, адабий темадагы материалдар шыкалып турчу. Алдын ала даярдалып, пленкага чыгарылган беттердин саны 30-40тан кемичү эмес. Тилекке каршы, ал убакта гезит менен активдүү кызматташкан абройлуу инсандардын көбүнүн көздөрү өтүп кетти. Ал убакта редакцияда иштеген Бекбай Алыкулов, Токтомуш Өскөнов, Шекербек Сартов, Назарбек Байжигитов да арабызда жок. Алардын баары гезитчи гана эмес, адам катары да кайталангыс инсандардан эле. Мундузбек китебинде алардын бейнелерин да ачып берген.
Бир жолу жыйында Абдмиламиттин “эгерде гезитти чыгарганга алты айлык акчанын кору болбосо, мен түндө тынч уктай албай калам” деп айтканы эсимде. Ал экинчи ирет башкы редактор болгондон тартып, бюджеттик каржылоодон расмий түрдө баш тартып, гезитти өзүн өзү толук каржылоого жеткирип, акчанын алты айлык корун да эсепте кармап турган. Ошондуктан ал 40тан ашык кызматкерге бир жылда 5-6 жолудан кем эмес сыйлык бердирчү. Ал бир айлык маянадан кем болчу эмес. Майрамдарды абройлуу кафе-ресторандарда гана белгилетчү. Бир сөз менен айтканда, ал 2005-жылы мартта иштен кеткенде гезиттин эсебинде 2 миллион сомдон ашык акча турган.
Тилекке каршы, көз карандысыздыктан берки кадрдык башаламандыктардын кесепетин баарынан өкмөттүк басылмалар көп тартышты. Анткени, бийлик алмашар менен “бул мурдагы бийликтегилердики, аны өзүбүздүн адамга алмаштырабыз” дешет. Алардыкы кийинки бийликтегилер үчүн автоматтык түрдө бөтөнгө айланат да, дагы башкасы келет. Жаңы келгени эркин ЖМКларда иштеп жүргөн бирөө болсо, өкмөттүк басылманы алардын стилине салууга аракеттенет. Алардын арасында трагикомедиялык абалга жеткени да болду. Бир “эркинбай” өзүн премьер-министр дайындаганын билбей өкмөт башчысын сындаган материалдарды чыгара берип, кызматынан да куулду. “Кыргыз туусу” андай эксперименттерден жүдөдү, көп нерсесин жоготту. Эгерде Абдиламитти 2005-жылы мартта кетиришпегенде, ал “Кыргыз туусун” акырындап бир убактагы “Кыргызстан маданиятындай” рухий чөйрөнүн көйгөйлөрүнө адистешкен басылмага айландырмак. Ага Абдиламиттин рухий жана уюштуруучулук сапаты, деңгээли толук жетмек. Гезит ошол жолдо бараткан. Мен азыр деле “Кыргыз туусунун” келечегин андан башкача элестете албайм. Өкмөттүн патронажында тургандан кийин саясый, эл аралык, экономикалык ж.б. кабарларды берүү керек, “Кыргыз туусу” саясаттын архиви катары да милдет аткарат. Бирок, баары бир гезит кийин ЖМКлар системасында “Литературная газетадай”, бир убактагы “Кыргызстан маданиятындай” же азыркы “Аргументи неделидей” улуттук дөөлөттөрдүн, кызыкчылыктардын олуттуу маселелерин козгогон басылма катары гана кармалып кала алат го деп ойлойм. Ага аты да, тарыхы дагы милдеттендирет. Азыр басылмалардан эч ким жаңылыктарды, кабарларды издебейт, ага башка булактар ашыгы менен жетишет. Дүйнөдө мына ошондой айрым маанилүү окуяларды тереңирээк ачып берүүгө арналган компетенттүү аналитикалык комментарийлери, талдоолору, иликтөөлөрү үчүн гана гезиттерди окушат. Тилекке каршы, азыркы басылмалар андайларды сунуш кыла албай, дүйнөлүк журналистика 8 баскычтан турса, улуттук журналистикабыз анын 3 тепкичинен өйдө көтөрүлө албагандары үчүн гезиттер акырындап жабылууда. Гезиттер максат-милдеттерин, философияларын кескин өзгөртмөйүнчө андай көрүнүш токтобойт. Ага даярдыгы, жөндөмү жеткидей журналисттерди, талдоочулдарды табуу андан да кыйын. Мындай абалга А.Матисаковдой журналист-менеджерлерди баалабаганыбыздан улам тушуктук. Эми аны оңдоо өтө кыйын, кээде мүмкүн да эмеспи (?) деп кетем. Бирок, үмүттүн шооласы үзүлбөшү керек. Кыскасы, көйгөйлөр көп, ага көңүл бургандар аз. Мына ушундай татаал мезгилде улуттук журналистикада бараандуу из калтырган досторум менен сыймыктанам.











