Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Исхак Масалиев: «Биз конституциялык реформага барышыбыз зарыл»

Исхак Масалиев: «Биз конституциялык реформага барышыбыз зарыл»

16-октябрь, 01:14
756 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Исхак Масалиев босого чекти үч пайызга түшүрүү сунушу туура эмес экенин, келерки шайлоону да жети пайыздык босого чек менен өткөрүү туура болорун айтты. 

-- Буга чейин Садыр Жапаровдун артында криминалдык күчтөр турары айтылып жаткан, Жогорку Кеңеш бу саам дагы басым-кысымдын үстүндө шайлаган жокпу? 

-- Жок, башындагы биринчи күндөрдү “үстөмдүк” деп айтсак болот, бу саам  президент ачык кабыл алып, парламент бекиткенден кийин андай деп айтуу туура эмес болот. Азыркы саясый абалда легитимдүү премьер-министр болду десек жаңылышпайбыз. Бирок, көлдүк туугандардын “президентти арматура менен чаап салабыз” деген сөздөрү жакшы эмес болуп калды. 

-- «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» партиялары шайлоого катышпашы керек” деген талаптар боюнча пикириңиз кандай? 

-- Бул боюнча бөгөт коюуга эч кимдин укугу жок. Кантип “ушул партияларга катышууга мүмкүн эмес” деп чечим кабыл аласың? Ал үчүн “добуштарды сатып алды, бурмалады” деген фактылар болушу зарыл. Соттун чечими менен  партиянын добуштарын жокко чыгарса болот. Ал эми моралдык жагы жана талапкерлердин шайлоого барар-барбасы башка кеп. Эгерде алар адаттагыдай элди дүрбөлөң кылып сатып алууга ашыгышса, 5-октябрь кайра кайталанат. Ошондуктан, келерки шайлоо бир аз болсо да тазараак болот деп ойлойм. Анткени, акимдер, мэрлер, айыл өкмөттөр мыйзамга каршы иштегенден коркушат. Эң негизгиси, элди дүңүнөн сатып алган партиялар ойлонуп калат. 

-- Азыр шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизип, босого чекти үч пайызга түшүрүү сунуштары айтылууда. Мындай шартта парламентке канча партия келе алат?

-- Үч пайыздык босого чекти алтымыш бир (!) деп эсептесек, буга чейинки шайлоодо жеңип чыкты делген беш партияга дагы экөө кошулушу ыктымал. Ошондо жети же сегиз партиянын келиши мүмкүн болуп калат. Бул ирет позициясы жок, ар кимди мактап-жактаган партиялар утулат. Ал эми туруктуу, калыс пикирди карманган саясый топтор жеңишке жетет. Бирок, үч пайыздык босого чек азырынча сунуш эле, ал өтөбү, же колдоо таппай калабы, белгисиз. Анткени, конституциялык мыйзам үч окуудан өтүп, сексенден ашык депутат добуш берип, президент кол коюш керек. Мындан тышкары, долбоор бир ай коомдук талкууга илиниши белгиленген. Кырдаалдан чыгуунун бир жолу бар, мен депутат болуп турганда бир топ мыйзамдарды көтөргөм, алар колдоо тапкан эмес. Ортодо бир жылдык мөөнөт өтүп кетти. Эми алардын бирөөсүн кайрадан алып чыгып, кабыл алса, босого чекти азайтууга мүмкүнчүлүк ачылат. Анткени, мен көтөргөн долбоор талкууга чыккан эмес, азыркы парламент президенттин айтымы менен эле жети пайыздык чекти бекитип алган. Ошондуктан кыйналбай эле ошол мыйзамды комитеттен карап, эки күндө үч окуудан өткөрүп койсо болот. Бирок,  негизги принцип бар, башталып, бирок бүтпөй калган шайлоого өзгөртүү киргизген болбойт. Мындай учурда конституциялык реформа болбой, партиялар мандаттарды бөлүшүп алды болуп калат. Биз конституциялык реформага барышыбыз керек да?! Көрдүңүзбүкандай кадамга барбайлы, ээрге кыйшык отурган болобуз. Ошондуктан ушул шарт менен эле кете бергенибиз оң. Болгону күч органдары катуу иштеп, добуш сатып алууларга ыкчам реакция кылуулары кажет. Менде шайлоо таза өтөт деген үмүт бар бирок, ишенич жок. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер