Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сенин сыйкыр үнүңдү укмайынча, Мөлтүрөгөн көз жаштарым жуулбайт

Сенин сыйкыр үнүңдү укмайынча, Мөлтүрөгөн көз жаштарым жуулбайт

25-октябрь, 23:05
559 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Француз пианисти Ричард Клайдермандын өмүр тарыхы 1953-жылы 28-декабрда башталган. Анын биринчи музыкалык билим алган адамы атасы болгон.  Ден соолугунун начарлыгынан улам жеке музыка сабактарды өз алдынча алган. Ар дайым ал атасына келген окуучулардын жанында болуп, роялдын сыйкырдуу дабышын эшитчү. Ал өткөн күндөрдү "төрөлгөнүмөн баштап, мени музыка курчап алды. Биринчи ирет 3-4 жашымда сыйкырдуу роялга кол тийгиздим” деп балалыгын эскерет. 

Ричард алты жашка толгондо чоң атасы ага эски пианино сатып берет. Ал пианино Ричарддын түбөлүктүү тагдырына айланат. Ричард 12 жашында Париж консерваториясында билимин улантат. Төрт жылдан соң жаш пианисттердин конкурсуна катышат. Пианисттин жашоосундагы кескин өзгөрүүсү 1976-жылы болду. Ошол жылы "Delfine" үн жазуучу компаниясынын продюсери Поль де Сенневиль анын кызына жазган "Аделина үчүн баллада" чыгармасын аткартууга таланттуу пианист издешет. Алар Ричард Клайдермандын талантына таң беришип, ага токтолушкан.

Аталган чыгарма Ричардга болуп көрбөгөндөй атак алып келип, дүйнөнүн 30 өлкөсүнө 22 миллион нускада тараган.

Ричард дүйнө жүзүнө тараган “Романтикалуу Америка”, “Азыраак түнкү музыка”,   ж.б. керемет чыгармалары менен дүйнө жүзү боюнча миллиондогон күйөрмандарды топтогон. Анын керемет музыкасына сыйкырланып төмөндөгүдөй  ыр жаратышкан.


Бөтөн шаар түн бир оокум жүрөм жалгыз,

Төккөн жамгыр жашырат көз жашымды. 

Муздак шамал муңдуу жүзүм аймалайт,

А мен болсо кайталаймын атыңды.


Балким бекер издеп жүрөм изиңди,

Балким түндө бекер эле жалгызмын.

Балким бекер сен деп азап тартамын,

Балким бекер мен боздогон айсыз түн.


Жамгыр гана кайгымды түшүнгөнсүйт,

Шамал гана сүйүү сымал шуулдайт.

Сенин сыйкыр үнүңдү укмайынча,

Мөлтүрөгөн көз жаштарым жуулбайт.


Жамгырлуу да, муздак дагы муңдуу түн,

Түн кайтарып жапжалгыз жүрө берем.

Качандыр өмүр өтүп кеткичекти,

Унуталбайм, мен сени сүйө берем.


Нуркыз Алиева 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер