Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алымжан Козубаев: “Президент чынчыл, реформатор кадрларды караштырып атса керек...”

Алымжан Козубаев: “Президент чынчыл, реформатор кадрларды караштырып атса керек...”

25-январь, 09:00
1 753 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Алымжан мырза, “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен парламенттик шайлоого катыштыңыз эле. Учурда эмне менен алексиз? Көрүнбөй кеттиңиз...

-- Кудайга шүгүр, баары жакшы, шайлоодо байгелүү алтынчы орунду ээледим. Партия алты мандатка ээ болду. Шайлоочуларым “Жогорку Кеңешке депутат болдуңуз” деп куттуктап да үлгүрүштү. Аялдар квотасы болгондуктан, мандат албай турам. Азырынча үйдө эле, спорт менен машыгып, кээде ат минип коём.

-- Сиз өмүр бою ИИМ системасында иштеп, бир катар жетекчилик кызматтарды ийгиликтүү аркаладыңыз. Соңку жылдары саясатка аралашып келатасыз, тажаган жоксузбу? Балким, ордуңуз аткаруу кызматында болуп жүрбөсүн?  

-- Ооба, ишке жарактуу болгондон бери ИИМге кызмат өтөдүм, жалпы стажым отуз жылга чукулдады, оперативдик кырдаал кандай гана оор болбосун ийгилик жаратып, жетишкендиктерди көрсөтүп, ургаалдуу иштегенге жетиштим. Менин эмгегимди өз учурунда өлкөбүздүн жетекчилиги, ошондой эле Россия Федерациясы жана Казакстан да баалады. Көптөгөн медаль жана сыйлыктарга арзыдым. Мен муну менен сыймыктанам! Артымды кылчайып карасам, буюртма киши өлтүрүү, кримразборка, каракчылык жана башка көптөгөн кылмыштардын бетин ачып, из калтыра иштедим... 

-- Сөзүңүзгө аралжы, убагында “Комиссар Каттани” менен сиз Рысбек Акматбаевди кубалап, каршы күрөшкөнүңүздөр легенда катары айтылып келет. Бул жагына кийин токтололу. Анан ИИМден саясатка оодуңуз?

-- Ооба, 2015-жылы саясатка кадам таштадым. Анын эң негизги себеби, ИИМге көмөк көрсөтүү болчу. Анткени, өмүрүндө тирүү кылмышкерди, баңгини көрбөгөн адамдар ИИМге жетекчилик кызматтарга дайындала баштады. Максатым – элибиздин талабына жооп бере турган заманбап милиция органын түзүү эле. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин аракетим ишке ашпай келет, бирок мен токтобойм, максатыма жетем. Мыйзам боюнча мен шайлоодон кийин, кайра өз ордума ГУБНОНго жетекчи катары барышым керек эле, бирок Атамбаев, Илмияновдор четтетип коюшту. Бул эми өткөн чак... Азыркы учурда ИИМ президентибиз тарабынан колдоого муктаж, себеби, жаңы беш кодекс ишке киргенден баштап, абалды көрүп атабыз. Эсиңерде болсо, ар кандай кылмыштуулукка каршы туруучу «уголовный розыск» кызматы жокко чыгарылган. Жыйынтыгында, миңдеген кылмыштар ачылбай жатат. Ар бир тергөөчүдө жүздөгөн материалдар чаң басып, каралбай турат. 

-- Оппозициялык партияда жүрүп, бийлик менен кызматташуу оңойго турбаса керек. Эгерде кайсы бир тармакты жетектеп берүүгө сунуш түшсө, сүйлөшүүгө барат белеңиз?

-- “Оппозиция” десе эле бийликтегилердин душманы катары баа берген туура эмес. Мен оппозиция маанайындагы партияга “бийликти кулатам же сындайм” деп кошулган жокмун, тескерисинче, “жардам берем, жогорку жетекчилер көрбөй калган кемчиликтерди ачыктайм, катачылык кетирсе ондойлу” деп ниет кылгам. Эми негизги максатымдын четин чыгардым го, андан тайбайм, эң башкысы, элиме кызмат өтөө. 

-- Сиз 90-жылдардагы кайра куруудан берки келаткан кадрсыз. Эки доорду көрдүңүз. “Качанкы Алымжан Козубаев?” дегендей...

-- СССР убагынан бери окуп, билим алдым, юридика илимдеринин кандидатымын, чыныгы полковникмин, тажрыйбам мол, ошондуктан мага бийлик тарабынан кандай сунуш түшсө да сөзсүз барганга даярмын. Себеби, өзүмдү мамлекетке чын ниеттен күйгөн жоокер катары баалайм. Бүгүн элдин жашоосун жакшыртуу үчүн жетекчилерибизге, өзгөчө президентке профессионал кадрлар керек. Мен кызматка барып, бирок кыска убакытта олуттуу реформаларды жүргүзө албасам, өзүм эле уялып кетип калам. Эт менен челдин оптосунда илешип, жан багып жүрчү жетекчилерден эмесмин.

-- Соңку сөзүңүз...

-- Убагында Садыр Нургожоевичтин айткан сөзү эсимде. “Кымыз ичип жүргөн жеримен президент издетип таптырып, кызмат берген” деп. Анын сыңарындай, учурда ал дагы чынчыл, реформатор кадрларды караштырып атса керек...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер