Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Бакетаев, саясат таануучу: “Жаңы имарат дүйнөдө теңдеши жок монументалдуу”

Бакыт Бакетаев, саясат таануучу: “Жаңы имарат дүйнөдө теңдеши жок монументалдуу”

06-сентябрь, 18:00
488 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- “Ынтымак Ордо” президенттик администрациясынын имараты тууралуу түрдүү пикирлер жолдонууда. Сиз кандай ойдосуз?

 -- Дүйнөдө идеалдуу эч нерсе жок, бул түшүнүктүү. «Татымына жараша жолдош болбойт» деген макал чын айтылган. Бирок, ар бир адамдын кээ бир нерселер жөнүндө өзүнүн пикири бар. Мен өзүмдүн оюмду бөлүшкүм келет.  

“Ынтымак Ордо” президенттик администрациясынын имаратынын, жаңы Акүйдүн ачылыш аземине күбө болдум. Сөз жок, имарат дүйнөдө теңдеши жок монументалдуу. Бул жөн эле имарат эмес, бешинчи президент Садыр Жапаров куруп жаткан мамлекеттин, келечектүү республиканын жаңылануусунун, жаңы өлкөнүн, жаңы өкмөттүн символу. Бирок, суроо туулат: эмне үчүн дүйнөгө таанымал скрипкачы Даниэл Лозакович салтанаттуу ачылышта, жумшак айтканда, кайгыны козгогон чыгарманы эң сонун аткарды? Бул музыканы укканда жаңы администрациянын бетачары менен эмес, тескерисинче, чирип бараткан «Ысык-Көл» мейманканасы эске келди. 

Музыка жарандарды жаңы мамлекетти курууга шыктандырып, бийликтин жана коомдун менталитетинин кайра жанышына салым кошушу керек болчу. Жаңы имараттын ачылышы тарыхый, маанилүү учур жана музыкалык коштоо шыктандыруучу, жалындуу, маэстозо, грациозо, аллегро кон фуоко темптери менен угулушу керек. Акыры Паганинидин “Каприз №24”, Вивальдинин “Төрт мезгилинен” сырткары “Жай”, “Жаз” жана башка көптөгөн нерселер бар. Алар энергиялуу, жандуу, шыктандыруучу оптимизм жана конструктивдүү маанай тартуулайт. Музыка иш-аракетке дем берип, көңүлүңүздү көтөрөт. Даниэл каалаган чыгарманы ойноп берет эле. Салтанаттуу учурдун маңызына жана духуна ылайык репертуар тандоо гана калды.


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер