Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күйөөм “оорулуу балдарды ташта, кайрадан бактылуу болобуз” дейт, бирок кантип?

Күйөөм “оорулуу балдарды ташта, кайрадан бактылуу болобуз” дейт, бирок кантип?

22-сентябрь, 18:07
817 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жашоодо жаңылбас пенде болбосо керек, андыктан менин жолум бирөөлөргө сабак болоор. 

Мен азыр жалгыз боймун, мүмкүнчүлүгү чектелген перзенттердин энесимин. Бөйрөк оорусунан улам өтө көп жыл бала жытына зар болуп, дарыланып, Жараткандан күнү-түнү тиленип атып, эки жыл мурун эгиз балалуу болдук. Бирок, кызымдын оозу кемтик төрөлдү. Кайненем ошол төрөтканадан эле “кызыңдан азыр баш тартып сал” деп мени көндүрүп баштады, а мен макул болгон жокмун. “Кызың кебетеси суук болуп, эч кимге керек эмес, кийин өзүң эле кыйналасың” деп жатты. Мен көнбөдүм. “Айлап, жылдап тиленген перзентимден кантип айрылмак элем?” дедим. Арадан төрт күндөй өтүп, мен үйгө чыктым. Мени күйөөм тосуп да келбей койду. Кайненемдин аракети менен күйөөм менден, балдарынан алыстап калды. Күнү-түнү ыйлап-сыздап күндөр өтүп жатты, жолдошума болгон нааразычылык күчөй берди. Үч айдан соң бизди “ажыраштырабыз” деп чыгышты. “Сен бул үйдөн кет, бизге ден соолугу чың неберелер керек” деген сөздөрү жаныма батты. Күндө жаңжал... 

Арадан беш ай өткөндөн кийин балдарымдын кыймылынын жоктугунан коркуп доктурга алып бардым. Текшерип көрүп, тест алып, мага жаман кабар угузушту. Балдарым шал оорусу менен оорушат экен, буларды кайненем укчу болсо, мени ошол замат эле үйдөн кууп чыгат. Ошентип балдарыма алты ай болгондо апамдын алтын чынжырчасын күрөөгө коюп, балдарымдын кийимдерин алып, үйдөн чыгып кеттим. Квартира издеп таптым, балдарым менен Кудайдын жардамы менен жашап баштадым. Кийин жарым жыл өткөн соң жолдошум экөөбүз ажыраштык. Кайненемдин айтуусу боюнча, жолдошум кайра бат эле үйлөнмөк, себеби аларга небере керек эле. Андан бери бир топ убакыт өттү. Бирок, үйлөнөт деген жолдошум менин дарегимди билип алып, “бул оорулуу балдарды балдар үйүнө тапшыр, экөөбүз кайра жашап баштайбыз” деп мээмди жеп жүрдү. Канча жолу ал сөздөрү үчүн катуу урушуп жүрдүк, акыры ал жактан көчүүгө мажбур болдум. 

Балдарым – менин бактым, кандай болгон күндө да эне үчүн бала эң эле сонун, назик көрүнөт. “Балдарың үчүн жаныңды кый” десе да ага даярмын. Ооба, балдарым ооруйт, бирок бул убактылуу деп ишенем. Мен балдарымды бутуна тургузам, буюрса. Кыйналсам да балдарымдан эч баш тартпайм! Кайненем менен жолдошума Жараткан ыйман берсин. Ээ Жараткан, балдарды энесинен айырба! Бул менин жүрөгүмдөгү арман, эненин арманы. Энелер балдары менен ар убак бирге болсунчу!

Айнура, Бишкек шаары

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер