Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Токтогулдагы жолугушуу: «Биримдик» аткарылбаган убадаларды бербейт!

Токтогулдагы жолугушуу: «Биримдик» аткарылбаган убадаларды бербейт!

15-сентябрь, 13:57
165 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн, 15-сентябрда “Биримдик” демократиялык социализм – евразиялык тандоо партиясынын үгүт кербени Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жашоочулары менен жолугушуу ѳткѳрдү. Партия лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров партиянын программасы менен тааныштырып өттү. “Эмне үчүн “Биримдик”? Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов “Евразиялык интеграциянын   артында биздин  келечек турат” деп айткан. Социалдык демократия – бул СССРге кайра кайтуу эмес, бул биздин басып өткөн жолубуз” деди ал. Ал жергиликтүү бийлик органдарына  кайрылып, кайсы бир партия үчүн административдик ресурсту колдонбой, бардык партияларга бирдей шарттарды түзүп берүүгө, шайлоо ѳнѳктүктѳрүнүн жүрүшүнѳ кийлигишпѳѳгѳ чакырды. Партиянын талапкери Улукбек Кочкоров учурда Кыргызстанда 47 жетимдер үйү, 17 карылар үйү бар экендигин айтып өттү. “Качан кыргыз тирүүлөй балдары туруп ата-энесин мамлекеттин кароосуна өткөрчү эле? 30 жылдык эгемендик тарыхыбызда биздин маданиятыбызга, салт-санаабызга жат нерселерди таңуулаганга аракет жасашты. Ошондуктан биз программаны иштеп чыгууда салтыбызга, динибизге, үрп-адатыбызга кайтып, анын негизинде демократиялык социализм багытын  тандадык” деди Кочкоров. “Биздин программа Конституцияда жазылган укугуңуздарды ишке ашырууга багытталган программа. Кыргызстан социалдык мамлекет деп башкы мыйзамда жазылгандай, биз өлкөнүн экономикасын жанданта турган программаны даярдадык,  экономиканы кѳтѳрүү  үчүн Кыргызстандын товар өндүрүүчүлөрүн колдоого алган механизмди сунуштап атабыз». 

Жогорку Кеңештин вице-спикери, депуттыкка талапкер Аида Касымалиева “Биримдик” партиясы дыйкандардын, мугалимдердин, дарыгерлердин, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн үнү. Азыр үгүт иштери жүрүп жаткан учур, партиялар ар кайсы убадаларды берип жатышат. Мисалы, сүйүнчү пулдун өлчөмүн жогорулатабыз деп атышат. Мурдагы шайлоодо да ушунтип убада кылышкан, бирок учурдагы 4000 сомду биз киргизгенбиз. Ошондуктан биз куру убада берүүдөн алыспыз” деди ал. 

Ошондой эле Аида Касымалиева ѳз сѳзүндѳ Токтогулдан кыргыз маданиятына зор салымын кошкон инсандардын чыкканына токтолду. “Биримдик” партиясынын программасында маданият тармагына чоң көңүл бурулган, анын алкагында райондо музейлер, маданият үйлөрү жанданат, туризм тармагы өнүктүрүлөт” деди. Токтогул районунан депутаттыкка талапкер Нурбек Тотонов да сөз сүйлөп,  райондун көйгөйлөрүн чечүү үчүн болгон күч аракетин жумшоого токтогулдуктарга убада берди. 

Жолугушуунун аягында райондун аксакалдары баталарын беришип, талапкерлерге ийгилик, жеңиш каалашты. 


«Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
Калдарбек Абдраманов: “Эч кандай экинчи-үчүнчү толкун жок, болбойт дагы!”
Аалы акын Дастан менен Зарылды “таластыктардын чимкириктери” деди
Чубак ажы Жалилов чын дүйнөгө кете берди...
(Видео) Карантиндеги чатак. Күйөөсү аялын терезеден ыргытты...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер