“Агент”... Наркотрафик... “Терпила” Жеңиш Разаков шайлоодон айланабы?
Кызык эле заманда жашап жатабыз. “Бир карын майды бир кумалак чиритет” дейт. Мындайлар арабызда эле жүрүшөт... “Терпила” атка конгон, Тажикстандын “агенти” катары шектелген, наркотрафик-коррупция боюнча артынан сөз ээрчиткен Жеңиш Разаков “Кыргызстан” партиясы менен парламенттик шайлоого барууга чамынып, мандат кумарына эмитен эле мас боло баштаптыр. Бул эргулда жыргаган электорат деле жок. Анан кантип аламанга аттанды? Же бийликте жүрүп, күмөндүү жолдор менен чогулткан миллиондоруна таянып атабы? Андай болсо жаңылышат. Эл азыр акчасын алып туруп, татыктууларга добуш берүүгө белсенгендей. Аныгында, “Кыргызстан” партиясы Жеңиш Разаковду оолак сүрүп салбаса, аягы жакшылыкча бүтпөй калат го? Мындай шектүү, кыңыр иштүү немени катардан гана сызыш керек!
Aryba.kg