Арсланбек Кененбаев, финансылык талдоочу: “Доллар да кыйыр түрдө жогорку инфляцияга туш келүүдө”


-- Тышкы карыздын өсүшү улуттук экономикага кандай таасир жаратат? Эртеңки күнгө коркунучу жокпу? Сиз кандай пикирдесиз?
-- Жалпысынан мамлекеттик карыздын көбөйүшү коркунучтуу көрүнүш эмес. Эгерде мамлекеттик карыздын өсүшү жана жаңы алынган кредиттер экономиканын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга, экономикага жаңы акча жана мүмкүнчүлүктөрдү алып келүүгө жумшалса, анда бул абдан жакшы кредит болуп саналат. Кредит өзү нейтралдуу, аны кантип пайдалануу керектигин, зыяндуу же пайдалуу болушун аныктайт.
Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда инфляция абдан жогору, акыркы беш жылда 50 пайыздан ашты. Башкача айтканда, акчанын куну түшүүдө. Ошол эле учурда доллар менен сомдун курсу беш жыл бою дээрлик бир деңгээлде турат. Демек, Кыргызстанда доллар да кыйыр түрдө жогорку инфляцияга туш болуп жатат да.
-- Демек, карыз алуунун анчалык коркунучу жок экен да...
-- Азыр дүйнөдөгү баардык акчанын курсу бир аз төмөндөдү, ошондуктан, эгер өкмөт жылына бир нече пайыздык ылдый чен менен арзан кредит алса, бул жаман эмес. Биз азыр арзан акча алуудабыз, убакыт өткөн сайын ал акчанын куну түшөт, ошентип аны кайтарып берүү жеңилдейт. Муну экономикабыздын өсүп жатканы да далилдейт. Кыргызстандын ИДПсы өсүүдө, демек, мамлекетке бул карыздарды кайтаруу жеңилирээк болот.
Бюджет бир нече эсеге көбөйдү, ал эми тышкы карызды биз дал ушул бюджеттин эсебинен төлөп жатабыз. Эгер бюджет өсмөйүнчө биз карыз алсак, анда бул кооптуу болмок. Ошондуктан, менимче, бул жаман эмес, тескерисинче, жакшы көрүнүш болушу мүмкүн. Эгер экономика өсүп, тышкы карыздын куну түшүп жатса (учурда баардык валюталар арзандап баратат), алынган каражаттар жакшы инфраструктуралык инвестициялык долбоорлорго жумшалса жана экономика менен бюджет өсүп турса, бул пайдалуу болуп эсептелет.
"Азия Ньюс" гезити











