Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Самаранын Кремлдеги концертине министр, губернатор дагы барышы керек беле?

Самаранын Кремлдеги концертине министр, губернатор дагы барышы керек беле?

24-октябрь, 13:19
925 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КР эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын Кремлге концерт койгону, ар кандай талкууларга кабылды.

Айрымдар, ырчынын ырдаганын сындаса, Фейсбук колдонуучулардын бири Тамара Жумашева Самара Каримованы апендинин кызындай эле мактап,  күйөөсүнүн колдоосу, өзүнүн аракети менен ийгиликке жеткенин, айтылуу ырчы Мыскал Өмүркановага да салыштырып жибериптир.

Самара Каримованы  ашкере мактап, айга-күнгө теңеп, Кыргызстандан биринчи жолу өз каражатына, күйөөсүнүн жардамы менен Кремлге концерт коюп келгенин, мурда Баткендин кызы болсо эми Кыргызстандын кызына айланганын айтып өтүптүр.

Сөзүнүн аягында Тамара Жумашева: “Ушуга чейин Баткендин кызы болгон Самара эми бүтүн Кыргыздын кызы талашпагыла. Бирок ушундай талантка мамлекет колдоо көргөзбөгөндүгү өтө өкүнүчтүү. Баткенден чыккан талант деп Баткендин губернатору, Кыргыздын кызы деп Маданият министри, келип колдоп койгондо, таланттуу кызга дагы да стимул берген болот эле” деп жазыптыр.

Тамара Жумашеванын айтымында, Баткендин губернатору Акрам Мадумаров, КР маданият маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Москвага атайын барып, Самара Каримованын концертин көрүп келиш керек экен...

Самара Каримованы "отуз жашка чыккан ырчы кыз" деп жазыптыр автор. Эскерте кетсек, ырчы 1991-жылы төрөлгөн, ал 28 гана жашта. Экинчиден, Самара айымдын өкмөткө, мамлекетке таарынууга акысы деле калбаса керек.

Сахнада 30-40 жыл талбай эмгектенип, ырдап жүргөн ырчылар,  театр артисттери  “КР эмгек сиңирген артисти” наамы мындай турсун,  “мактоо баракчасын” да ала электери бар.

 Ал эми Самара эки жыл мурун эле алдыдагы ардагер ырчылардын башын аттап өтүп, “КР эмгек сиңирген артисти” наамын алганын эч ким унута элек.

“Ата кадыры менен кыз өтөт” деп жазыптыр автор,  ооба Самара айым эринин кадыры менен Ош шаарындагы  Сулайман-Тоо – улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплекске директор болуп шайланып, бир күн иштеп, андан кеткенин, кийин Ош шаарындагы Ныязалы атындагы музыкалык окуу жайга жетекчи болуп дайындала калып, ал жерден бир жума иштеп кеткенин эли унута  элек.

Самара  Каримовага мамлекет дагы кандай көңүл  бурушу керек эле, отузга чыга  электе мамлекеттик сыйлыктарды алып жатат, тажрыйбасы жок болсо да жетекчилик кызматтарга   чейин барды. Ырчы айымдын   мамлекетке догурунууга жана таарынууга акысы деле  жок...


Aryba.kg


 





Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер