Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмил Үмөталиев: “Эгемендүүлүгүбүз күмөн болуп, Россиянын колониясына айланганы турабыз”

Эмил Үмөталиев: “Эгемендүүлүгүбүз күмөн болуп, Россиянын колониясына айланганы турабыз”

07-октябрь, 16:03
2 110 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Өткөн жылы сиз айткан кымбатчылыкты эл көрүп жатат. “Ишенген кожоң сууга акса, алды алдынан тал карма” дегендей эле абалда турат окшойбуз...

-- Дагы деле оорчулук уланат. Ар ким өз камын көргөнгө аракет кылышы керек. Эл аралык мамилебиз мурдагыдай эле абалда – өнүгүү жок. Инвесторлор улам суюлуп баратат. Ишкерлер өздөрү аракеттенип, башка өлкөлөр менен түзүлгөн мамилелерин кармап калганга далалаттанышы зарыл. Шайлоого да баратабыз. Дагы бир ирет сынак болот. Биздин аң-сезимибиз жеке кызыкчылыкты, жамааттык кызыкчылыкты түшүнө алабы? Ошого кандай мамиле кылабыз? Ар бир шайлоодон өзүбүзгө керексиз чечимдерди кабыл алып, кимге бийликти тапшырып атабыз – ушул маселеге келгенде татыктуу сыноодон өтө албай жатабыз.  

Мисалы, миң сом алып, жүз миң сомдук, же болбосо бир миллион сомдук үлүштөрүбүздү алдатып, сатып жиберип жатабыз. Бул бир уйду козунун жилигине алмашкандай эле нерсе. Маселенин баары ошондо. Шайлоодо кандай сынактан өтөрүн эл өзү тандап алат.

-- Өткөн жылдагыдай эле шайлоо кайталанса, мамлекеттүүлүгүбүзгө доо кетпейби?

-- Доо кетет. Күн сайын доо кетип жатат. Мамлекетибиз туруктуу болгондун ордуна жыл сайын алсырап, эгемендүүлүгүбүз күмөн болуп, эски империяга, дүйнөлүк соода мамилеге эмес, дүйнөлүк уюмдун мүчөлүгүнө татыктуу болбостон, Россияга эле колониянын ролуна кирип кеткени турабыз. 

-- Бийлик тараптан сиздерден кеңеш алуу, кызмат сунуштоо болдубу?

-- Биздин ой жүгүртүүбүз азыр жакпай турат. Биз менен негизги саясатчылар кеңешмек тургай, кайра бизге окшогон кишилерди куугунтуктаганы ачык көрүнүүдө. Сөз эркиндиги буулуп, башкача ойлорду сунуштагандар душман катары жарыяланып, куугунтукталууда. Мындай жол менен биз өзүбүзгө кайра ор казып жатабыз. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер