Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мамкаттоонун орун басары Туйбаева кимдерди “туйлатып” жатат?

Мамкаттоонун орун басары Туйбаева кимдерди “туйлатып” жатат?

12-октябрь, 12:09
923 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей, Мамкаттоонун төрага орун басары Айнура Туйбаева акыркы кездери интригага белчесинен батып, кол астындагыларга кыргыйдай тийе баштаптыр. Анан калса, “көчүк чукумай” жагынан да адистешип кеткенин айтышууда. Айдоочулук күбөлүк берген автомектептердин директорлоруна куугунтук кылганы, ишке тоскоолдук жаратканы кандай? “Унаа” мамлекеттик ишканасынын директору Алымжан Козубаев системадагы коррупцияга каршы күрөшүп, коллективди тазалап, заманбап шартка жараша жаңы мекемелерди ачып атса, ага мурдун чүйрүп, артын текшертип, үстүнөн арыз жаздырууга далбастап, айтор, ичине таруу айланбагандай амалдарга барып атканы айтылууда. Мамкаттоодогуларга Айнура Туйбаева “Баба-ягадай” эле жүрөккө баттыбы? Бул минтип “туйлаткан” өнөрүн таштабаса, өзүнүн арты чукулуп, шектүү изи тизмектелбейби? Буга чейин Туйбаева кайсы жетекчилерди коррупцияга түрткөнү боюнча ачыкталабы? Өзүнүн да өтмүшү өлө кызык экен... Эми кеп кезеги менен болсун!

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер