Азыр менде баары бар – күйөөм, балдарым, байлык... Бирок башканы жактырам


Экөөбүз сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Башында баары жакшы көрүнчү – үмүт, ишеним, жылуулук бар эле. Бирок убакыт өткөн сайын ортобузга кайненемдин суук мамилеси аралашып, үй-бүлөдөгү мамиленин чыныгы жүзү акырындык менен ачыла баштады. Айрыкча балалуу болгондон кийин кыйынчылыктарда гана көзүм ачылгандай болду, бирок ал кезде баары кеч эле.
Азыр сырттан караганда менде баары бар. Чоң үй, машина, жеке бизнес, акча, алтын, төрт балам жана жолдошум. Баары жетиштүү сыяктуу. Бирок адамдын бактысы байлык менен өлчөнбөйт экен. Жүрөктө боштук бар экенин эч нерсе толтура албайт тура.
Акыркы убакта бир адамга көңүлүм бурулуп калды. Бул жөн гана симпатиябы же чыныгы сезимби (?) өзүм да түшүнө албайм. Балким, мен жолдошумдан күткөн жылуулукту, жумшактыкты, көңүл бурууну башка жактан издеп жаткандырмын. Үч жылдан бери жумушума келип жүргөн бир кардар бар. Ал ажырашкан, эки баланын атасы. Убакыт өткөн сайын экөөбүз бири-бирибизге жакын болуп калдык. Сөзсүз айтылбаса да, жүрөктөгү сезимдер билинип турчу.
Бүгүн ал келип «Жумуштан көрүнбөй кеттиң, көрбөй кыйналып кеттим. Эртең Москвага кетип жатам. Кааласаң, сени да ала кетейин. Мен менен кетесиңби?» - деди. Мен бара албайм. Анткени менин төрт балам бар. Мен эми өзүм үчүн эмес, балдарым үчүн жашайм. Алар бактылуу балалыкты көрүшү керек. Өзүмдүн сезимдеримди эмес, алардын келечегин тандашым керек.
Кээде ойлоном, балким турмушка шашылып чыккандырмын. Өмүрлүк жолдош тандоодо жаңылгандырмын. Мени чындап сүйгөн адамга эмес, жөн гана жактырганым үчүн турмушка чыгып алыпмын.
Азыр эң оор нерсе жолдошум менен тең жашабай, анын көңүлүн карап жашап жатканымды түшүнүү. Сыртынан баары толук көрүнгөнү менен жүрөктөгү тынчтык, бакыт таптакыр башка нерсе экен.
Жазира











